UFC мушкери Физиев Бишкекке келип, өзү окуган ИИМ академиясына барды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВД КРUFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкектеги ИИМдин академиясында
UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкектеги ИИМдин академиясында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Мушкер өзү окуп кеткен ИИМ академиясына келип, мугалимдер жана курсанттар менен жолугуп, спорттогу жетишкендиктери менен бөлүшкөн.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды.
© Фото / пресс-служба МВД КРUFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды - Sputnik Кыргызстан
1/2
UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
© Фото / пресс-служба МВД КРЖолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды
Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды
1/2
UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
2/2
Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды
"Мушкер өзү окуган окуу жайдын мугалимдери, машыктыруучулары менен жолугуп, курсант кездеги кызыктуу окуяларды эскерди. Ал спорттогу жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен бөлүшүп, академиянын спорт залын көргөн", — деп жазылат маалыматта.
Мушкер жолугушуунун соңунда окуу жайдын кызматкерлери жана курсанттары менен эстеликке сүрөткө түшкөн.
Физиевдин Бишкектеги спорт клубдарда машыккан спортчуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.
Спортчу Кыргызстанга 6-февралда келген. Бишкекте дагы он күнчө болору айтылды.
Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2020
Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн
UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери кыргызстандык Рафаэль Физиев өткөн жылдын 13-декабрында бразилиялык Ренато Мойкано менен чыгып, аны биринчи эле раундда нокаутка түшүрүп уткан.
Спортчу UFC уюмунда төрт ирет октагонго чыгып, удаасы менен үч беттешин жеңген. Ал жалпысынан ММА спортунда 10 жолу таймашка чыгып, тогуз атаандашын утуп, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0