Бусурманкул Абдибаит уулу Физиевди UFC уюмуна чыгарган менеджер менен иштешет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Спортчуга ар кандай промоушендерден сунуштар түшкөн. Ал менеджер менен бирге эң мыкты вариантын караштырып жатат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу UFC мушкери Рафаэль Физиевдин менеджери Саят Абдрахманов менен кызматтык келишим түздү. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Instagram баракчасында күйөрмандарына жазган кайрылуусунда билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Busurmankul Abdibait uulu (@busurmankul_mma)

Спортчу акыркы эки айда жемиштүү машыгууларды өткөрүп, учурда табында экенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө мыкты формадамын, баарыңыздарга кызыктуу беттеш тартуулагым келет. Машыктыруучуларым менен макулдашып, Саят Абдрахманов менен менеджерлик келишим түзүлдү. Учурда ар кандай уюмдардан сунуштар келип жатат. Менеджер менен бирге эң мыкты вариантын караштырып жатабыз", — деген спортчу.
Ал ошондой эле колдоочуларына ыраазычылык айтып, алардын үмүтүн актоого аракет көрөрүн кошумчалаган. Мушкер күйөрмандарынын анын беттешин күткөнүн, өзү да октагонду сагынганын белгиледи.
Кыргызстандык ММА мушкери Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Мушкер Федосеев АКШдагы ММА уюмунун беттештерине чыгат
"Менин кийинки беттешим качан болору тууралуу көптөгөн суроолор келет. Муну эми менин менеджеримден сурасаңыздар болот. Ал менин күйөрмандарымдын суроолоруна жооп бергенге даяр", — деген ал.
Бусурманкул Абдибаит уулу 2017-жылдан бери М-1 уюмунун мелдештерине чыгып келет. Ал ММА спортунда жалпысынан 15 беттешке чыгып, 11ин уткан. Бир таймашта тең чыгып, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Эскерте кетсек, Саят Абдрахманов кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев, промоушенде эң жеңил салмактын учурдагы чемпиону россиялык Петр Ян сыяктуу мушкерлер менен кызматташат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0