Мушкер Федосеев АКШдагы ММА уюмунун беттештерине чыгат

© Фото / предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык ММА мушкери Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Мушкер ROAD FC уюмунун мелдештеринде кармашка чыгуу үчүн келишим түзгөн. Карантиндик чектөөлөрдөн улам азырынча бул боюнча иштер токтоп турат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алексей Федосеевге АКШдагы алдыңкы ММА спорттук жайынан чакыруу келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын менеджери Айбек Мусаев билдирди.
Анын айтымында, мушкер ROAD FC уюмунун мелдештеринде кармашка чыгуу үчүн келишим түзгөн. Карантиндик чектөөлөрдөн улам азырынча бул боюнча иштер токтоп турат.
"Пандемияга чейин эле эки жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Федосеев промоушендин алкагында бир беттешке чыгып уткан. Учурда АКШга виза алуу үчүн тийиштүү документтер тапшырылган, эми күтүп жатабыз. Бизге АКШдагы алдыңкы ММА спорттук залынан чакыруу келген. Виза ачылса эле барабыз", — деген ал.
Менеджер ошондой эле Федосеевдин UFC уюму менен келишим түзүүсүнө жетишүү максатында океандын ары жагында машыгууларды (сбор) өткөрөөрүн кошумчалады.
30 жаштагы Алексей Федосеев кикбоксингдин WAKO-PRO түрү боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0