Быйыл кыргызстандык спортчулар 15 эл аралык мелдешке катышат. Тизме

© REUTERS / ISSEI KATOОлимпиада оюндагынын символикасы. Архив
Олимпиада оюндагынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Японияда өтүүчү Олимпиада оюндары жана Түркияда боло турган Көчмөндөр оюндары ата мекендик спортчулар үчүн эң күтүлгөн мелдештерден болуп саналат.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар быйылкы жылы 15 эл аралык ири мелдешке жана чемпионаттарга катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2021-жылга кабыл алган календарлык планда белгиленгенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады
Республикада болсо үч эл аралык турнир өтөт. Алар Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону (май айы), триатлон боюнча Азия чемпионаты (сентябрь айы), ошондой эле Ысык-Көл оюндары. Мындан сырткары, улуттук спорттун өкүлдөрү Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Мелдештин өтө турган күнү азырынча айтыла элек. Ал эми айрым турнирлер кайсы мамлекеттерде болору да анык эмес.
Калган ири спорттук жарыштар:
  • КМШ оюндары (Россия);
  • Сурдлимпиадалык оюндар;
  • Жабык имараттардагы Азия оюндары (Таиланд);
  • Азиялык пляж оюндары;
  • Ислам тилектештик оюндары (Түркия);
  • Жаштар арасында Азия оюндары (Кытай);
  • Дзюдо боюнча лицензиялык Азия чемпионаты;
  • Регби боюнча Азия чемпионаты;
  • Волейбол боюнча чакырык кубогу.
Календарлык планда республикалык деңгээлдеги мелдештер жана спортчулардын эл аралык турнирлерге катышуусу боюнча иш-аракеттер көрсөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0