Порьенин жубайы Жолинин утулган Макгрегордон кабар алган видеосу чыкты

© REUTERS / Jeff BottariUFC 257 мелдешинде Конор Макгрегорду уткан Дастин Порье. Архив
UFC 257 мелдешинде Конор Макгрегорду уткан Дастин Порье. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
32 жаштагы америкалык мушкердин жубайы Жоли беттеште жеңилген Макгрегордун машыгуу жайына келип, анын акыбалын сурап, ыраазычылык айткан.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Instagram баракчасына Дастин Порьенин жубайы Жоли менен Конор Макгрегордун UFC 257 мелдешиндеги беттештен кийин сүйлөшкөн видеосун жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн кармашта америкалык атлет уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону Макгрегорду кулата чаап уткан. Беттештен кийин америкалыктын жубайы Жоли жеңилген Макгрегордун машыгуу жайына келип, анын акыбалын сурап, беттеш үчүн рахмат айткан. Мындан сырткары, Порьенин фондуна көрсөткөн кайрымдуулук иши үчүн ирландиялык мушкерге ыраазычылык билдирген. Промоушен бул окуяны "урмат-сыйдын үлгүсү" деп сыпаттаган.
"Мен сага ыраазычылык айтканы келдим. Сен көптөгөн адамдардын жашоосун жакшыртууга жардамдашып келесиң, бул үчүн сага рахмат!" — деген Жоли күйөөсүнүн атаандашы Макгрегорго.
Конор өз кезегинде айымды жолдошунун жеңиши менен куттуктап, Дастин мыкты беттеш өткөргөнүн билдирген. Макгрегор ошондой эле Порье Луизианада куруп жаткан спорттук комплекси бүткөндө барып кабар аларын убада кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0