Мамагенттик: Токио Олимпиадасынан үч медаль утабыз деген максат бар

© REUTERS / ISSEI KATOТокио Олимпиадасынын медалдары. Архив
Токио Олимпиадасынын медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамагенттик ата мекендик спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканы айтылууда.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан үч медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев айтканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 27-январда, мекеменин коллегиясы өтүп, ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетекчилик кылган.
"Азыркы тапта олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга жетишүүнү максат кылганбыз. Олимпиада оюндарында үч медаль алуу ниетибиз бар. Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетебиз деп пландаштырып жатабыз", — деген ал.
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токио Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер өтө турган күн бекитилди
Мамагенттиктин жетекчиси спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда учурда Олимпиада оюндарына жалпысынан алты лицензия бар. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия утуп алышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0