UFC мушкери Конор Макгрегор алты айга беттештерден четтетилди

© REUTERS / Jeff BottariUFC 257де Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши
UFC 257де Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер UFC 257 мелдешинин башкы беттешинин экинчи раундунда америкалык спортчуга нокаут менен утулган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор Дастин Порьеден жеңилгенден кийин жарым жылга беттештерден четтетилди. Бул тууралуу MMAJunkie маалымат булагына таянып Р-Спорт жазды.
Макгрегор UFC 257 мелдешинин башкы беттешинин экинчи раундунда америкалык Порьеге нокаут менен утулган. Таймаштан кийин ирландиялык спортчу аксап басып калган. Макгрегордун чоң жана кичи жото жилик сөөктөрүнөн жаракат алганы айтылат. Эгерде мушкердин ден соолугу тез калыбына келсе, анда ал айтылган мөөнөттөн мурда октагонго келет.
Ал эми Порье, регламентте талап кылынгандай, эс алуу жана калыбына келүү үчүн UFC тарабынан жети күнгө четтетилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0