Япониянын быйыл Олимпиада оюндарын өткөрүүдөн баш тартары айтылууда

© REUTERS / ISSEI KATOОлимпиада шакекчелери. Архив
Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылманын жазганына караганда, бийлик өкүлдөрү учурда бул чечимин кантип жарыялоо тууралуу ойлонуп жатат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Япония бийлиги Токиодогу Олимпиада оюндарын коронавирус кооптуулугунан улам өткөрүүдөн баш тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу The Times басылмасы япон өкмөтүнүн жогорку даражалуу аткаминерине шилтеме берүү менен жазды.
Басылманын жазганына караганда, бийлик өкүлдөрү оюндарды өткөрбөө тууралуу макул болушкан, учурда бул чечимин кантип жарыялоо тууралуу ойлонуп жатышат.
"Эч ким бул тууралуу биринчи айткысы келбейт, баары муну жарыялоо кыйын экенин билип турат. Жеке мен да Олимпиада өтөт деп ойлобойм", — деп айткан аткаминер.
Ошондой эле ал Япония 2021-жылкы Олимпиададан баш тартып, 2032-жылы өткөрүү ниетин билдирерин белгилеген.
Кечээ, 21-январда, Эл аралык олимпиада комитети Токио Олимпиадасын өткөрүүдөн баш тартуу ниети болбогонун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0