Кыргызстандын балбан кыздары кезектеги окуу-машыгууга киришти

© пресс-служба ГАМФКиСКыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана Олимпиадага лицензия берилүүчү ири мелдештерге даярданышууда.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.
"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.
18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.
Ош шаарынын жаш каратисттери Өзбекстандын Наманган облусундагы Нарын районунун акиминин каратэ-до боюнча кубогуна катышат - Sputnik Кыргызстан
Оштун жаш каратисттери Өзбекстандагы турнирге катышат
Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.
Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.
Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0