Түркиялык команда "көрүнбөгөн" атаандаш менен футбол ойноду. Сүрөттөр

© AFP / Ozan KOSEЛига Европы УЕФА между Карабахом и Сивасспором
Лига Европы УЕФА между Карабахом и Сивасспором - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешкен команданын бири ак түстөгү кийимчен чыккан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып оюнчулар көрүнбөй калган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
​Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
​"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1  менен бүткөн.
​Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0