Валентина Шевченко үч дүйнөлүк рейтингде жылдын мушкери деп табылды

© AP Photo / Michael WykeUFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылы Шевченко бутунан операция болгонуна карабай чемпиондук наамын эки ирет ийгиликтүү коргогон. Дүйнөлүк басылмалар анын таймашын UFC уюмундагы мушкер кыздардын арасынан мыкты деп баалашкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк бир канча ири басылмалар тарабынан мыкты мушкер деп табылды.
Спортчу Helwani Nose Awards сыйлыгында "жылдын мушкери" деп аталды.
Рейтингди ESPN телеканалында иштеген абройлуу ММА журналисттердин бири Ариэль Хельвани түзгөн.
"Чынын айтканда, бир мушкерди өзүнчө бөлүп көрсөтүү кыйынга турду, анткени көпчүлүктүн арасынан эч ким мынчалык айырмалана алган жок. Натыйжада алты айлап тизесинде жаракаты болгонуна карабай чемпиондук наамын эки жолу коргогон Шевченко тандалды", — деген америкалык журналист.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Ал арада "Чемпионат" спорттук сайты UFC Russia менен биргеликте 2020-жылдын мыктыларын тандоо боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.
Кыргызстандык чемпион "2020-жылдын мыкты мушкер айымы" наамына көрсөтүлгөн. Талапкерлердин катарында учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеп турган Аманда Нуньес, бразилиялык Аманда Рибас жана Маккензи Дерн, ошондой эле китайлык Вэйли Жанг бар.
Сурамжылоого катышкандардын 65 пайызы Шевченкону колдоп добуш беришкен. Сурамжылоо 24-декабрдан 9-январга чейин жүргөн. ufc.championat.com

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Мындан сырткары, көз карандысыз Women"s MMA Rankings басылмасы да UFC уюмунун жеңил салмактагы кыргызстандык чемпионун жылдын мушкери деп атаган.
​Валентина Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук наамын төрт ирет коргоого жетишти. Акыркы жолу ал бразилиялык Женнифер Майя менен промоушендин ноябрда Лас-Вегаста өткөргөн мелдешинде кармашып, жеңип чыккан. Беттеш толук беш раундга созулуп, калыстардын бир добуштан берген чечими менен кыргызстандык мушкер жеңүүчү деп табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0