Батир берилди! Балбан Улукбек Жолдошбековду федерация сыйлады

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын эркин күрөш балбаны, улуттук команданын мүчөсү Улукбек Жолдошбеков. Архив
Кыргызстандын эркин күрөш балбаны, улуттук команданын мүчөсү Улукбек Жолдошбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин күрөшчүлөр кечээ, 24-декабрда, 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ийгилик жараткан балбандарды куттукташкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш балбаны, улуттук команданын мүчөсү Улукбек Жолдошбеков белекке Бишкектен бир бөлмөлүү батир алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Эркин күрөшчүлөр кечээ, 24-декабрда, 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ийгилик жараткан балбандарды куттукташкан.

"Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белекке берилди. Аны Күрөш федерациясы демөөрчүлөрдүн көмөгү менен тартуулады. Акыркы жылдары Жолдошбеков жакшы ийгиликтерди жаратып келет. Алдыда Олимпиадага лицензия ойнотулуучу мелдештер турат. Ошонун алдында спортчуга мотивация болсун деген ниетте, анын үстүнө жыл жыйынтыгын чыгарган чоң иш-чара болуп калды, көпчүлүктүн алдында тапшырдык", — деди Турганбаев.

Ал ошондой эле балбанга белек мурда эле даярдалганын, эпидемиологиялык кырдаалдан улам ал кийинкиге калтырылганын кошумчалады.

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону балбан Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Айсулуу Тыныбековага берилген батирди менчиктештирүүгө аракет кылууда
Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы Түркияда өткөн Takhti Cup эл аралык мелдешин утуп, ошондой эле 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугун жеңип алган.

Балбандын Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда атаандашын өзүнүн үстүнөн ашыра-чимирилип чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мелдештин мыкты ыкмасы деп баалаган.

61 килограмм салмакта күрөшүп келген Улукбек Жолдошбеков азыркы тапта дүйнөлүк рейтингде сегизинчи катарда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0