Валентинанын аброю Тайсондукуна жетти. UFC башчысы Шевченконун беттеши тууралуу

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоUFC чемпиону Валентина Шевченко тренер Павел Федотов менен. Архив
UFC чемпиону Валентина Шевченко тренер Павел Федотов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уайттын айтымында, 2021-жылы аялдар арасындагы ири беттештердин бири эң жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко менен мурдагы чемпион Жессика Андраденики болмокчу.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. UFC башчысы Дана Уайт Британиянын BT Sport телеканалына маек берип жатып кийинки жылга пландалган ири беттештерди тизмектеп берди.

Уайттын айтымында, 2021-жылы аялдар арасындагы эң ири беттештердин бири эң жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко менен мурдагы чемпион Жессика Андраденики болмокчу.

"Мен бул кармашты чыдамсыздык менен күтүп жатам. Валентина менен Андраденин ортосундагы оюн кызыктуу болот. Анткени Валентинанын аброю Тайсондукуна жетти. Азыр Шевченкону эч ким жеңе албайт. Анда Андраде эң жеңил салмак менен чыгып, Чукагянды нокаутка кетирген", — деди Уайт.

Жессика Андраде былтыр аялдар арасында жеңил салмак боюнча (52 килограмм) чемпион болгон. Бирок кытайлык Вэйли Жанг менен беттешкенден кийин бул титулдан кол жууган.

Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн
Аталган кармаштан кийин Андраде эң жеңил салмакка өтүп, октябрь айында Кэтлин Чукагян менен кармашып, жыйынтыгында жеңип алган.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эң жеңил салмакта чемпиондук наамын төрт жолу ийгиликтүү коргоду. Акыркы ирет ал Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде Женнифер Майя менен беттешкен. Беш раундга созулган айыгышкан кармашта кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0