Жылдын эң кооз голу болобу? Польша чемпионатындагы видео

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол матч учурунда. Архив
Футбол матч учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абройлуу Goal.com басылмасы голду 2021-жылдагы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын эң кооз голу сыйлыгына башкы талапкер деп атаган.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Польшалык "Ягеллония" клубунун чабуулчусу Хесус Имас өлкө чемпионатында кооз гол киргизди. Абройлуу Goal.com басылмасы гол чынында өзгөчө болгонун белгилеген. 

​Белостоктук команда "Ракува" менен кез келген. Имас атаандаштын айып аянтчасынан топту алып, шамдагайлык менен атаандашты буйтоо менен өз ыңгайына алып туруп тээп, дарбазага киргизген.

Басылма муну 2021-жылдагы Ференц Пушкаштын (ФИФАнын версиясы боюнча жылдын эң кооз голу) сыйлыгына башкы талапкер деп атаган.

Эске салсак, быйыл англиялык "Тоттенхэм Хотспур" клубунун түштүк кореялык чабуулчусу Сон Хын Миндин голу эң кооз деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0