Айсулуу Тыныбекова жеңишке кантип жетти. Бардык таймаштардын видеосу

© Фото / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө кубогунан жеңишке жеткен соң Айсулуу Тыныбекова анын куржунунда олимпиадалык гана медаль жок экенин айтты.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болду. UWW (United World Wrestling) уюму анын чындап мыктылыгын көрсөткөнүн билдирди.

Квалификациялык раундда Тыныбекова 24 жаштагы румыниялык Кришта Инче менен беттешип, 10:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда түркиялык Кансу Аксой менен килемге чыгып, атаандашын биринчи раундда эле жеңип чыкты.

Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңген.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда толук үстөмдүгүн көрсөтүп, жалпы эсеп 47:2ни түзүп, Тыныбекованын пайдасына чечилди. Кийин ал журналисттерге маек куруп, байге куржунунда олимпиадалык гана медаль жок экенин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0