Айсулуу ызага муунган атаандашынын далысын сылап, жубатып. Фотофакт

Жазылуу
Дүйнө кубогу учурунда кыргызстандык спортчу мыкты көрсөткүч жаратты. Төрт кармашта толук үстөмдүгүн көрсөтүп, жалпы эсеп 47:2ни түзүп, Тыныбекованын пайдасына чечилди.

15-декабрдын 16сына караган түнү Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль алды.

Финалда кыргызстандык кыз латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 14:0 эсебинде жеңип алган. Тыныбекова бул кармаштарда күү менен кирип, жакшы көрсөткүчтөрдү жаратты. 9:0 эсеби менен кармаштын биринчи этабында эле медалды алып кетти.

© Sputnik Кыргызстан, Фото / UWW / Kadir CALISKANФиналда кыргызстандык кыз латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 14:0 эсебинде жеңип алган
Айсулуу ызага муунган атаандашынын далысын сылап, жубатып. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Финалда кыргызстандык кыз латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 14:0 эсебинде жеңип алган

Кармаштан кийин Тыныбекова жеңилип калып, ызага муунган Григорьеванын далысынан сылап, жубатып жаткандыгын байкоого болот. Айсулуу кармаш учурунда атаандаштарына урмат менен мамиле кылып, зарылдыгы жаралса, медиктерге да кайрылып турган.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда толук үстөмдүгүн көрсөтүп, жалпы эсеп 47:2ни түзүп, Тыныбекованын пайдасына чечилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0