Өлкөнүн төрт жолку чемпиону болгон "EREM" футзалдык клубу жоюлду

© Фото / Pixabay / ilgon hwangФутзалдык спортчу. Иллюстративдик сүрөт
Футзалдык спортчу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн сезондогу өлкө чемпиону "EREM" клубу жана коло байге ээси "Спартак Бишкек" 2020-2021-жылдагы сезондо ойнобойт.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Футзалдан Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Оштун "EREM" клубу жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясы билдирди.

Коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан абал өлкөнүн футзалына да таасирин тийгизгени айтылат.

"Коронавирустун зыяны Кыргызстандын футзалына да тийди. Өткөн сезондогу өлкө чемпиону Оштун "EREM" клубу жана коло байге ээси "Спартак Бишкек" 2020-2021-жылдагы сезондо ойнобойт. Ал командалардын оюнчулары жогорку лигада ойноп жаткан башка командаларга өтүштү", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын футзал боюнча быйылкы чемпионаты буга чейинкилерге салыштырмалуу өзгөчөлөнөрү белгиленет.

Чемпионатка Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын командалары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0