Дүйнө кубогу: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде кыргызстандык спортчу жарым финалда украиналык Алина Стадникти жеңип алды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты. Таймашты Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты түз көрсөтүп жатат.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Стадник менен кез келип, айыгышкан кармашта жеңүүчү болду. Беттеш 6:6 эсеби менен аяктап, кыргыз спортчусу жасаган ыкмалардын сапатына артыкчылык берилди.

Эми алтын байге үчүн эртең чехиялык Адела Ханзликович менен кармашат.

Борец греко-римского стиля из КР Жоламан Шаршенбеков  - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы дүйнөдөгү төрт мыкты кураманын катарына кирди
68 килограмм салмакта ат салышып жаткан Жуманазарова буга чейинки этаптарда беларустук спортчудан мыкты экенин көрсөткөн.

Ал эми 76 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу кыз Айпери Медет кызы германиялык Алине Роттер Фоскеге жеңилип калды. Айпери эми эртең коло байге үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Бүгүн ал латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0