Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев 2010-жылы панкратион (эрежесиз эр уруш) боюнча Москва шаарынын чемпионатында Хабиб Нурмагомедов менен үч раунддук беттеште кармашкан. Калыстардын чечими менен жеңиш дагестандык спортчуга ыйгарылган.

Ал мелдеште Турсунбек Асылгазиев дагестандык чемпион менен беттештин аягына чейин кармашкан жалгыз атаандаш болгон. Нурмагомедов менен күч сынашуу кандай болгонун, мушкер катары артыкчылыгы эмнеде экенин Асылгазиев Sputnik Кыргызстан кабарчысы менен курган эксклюзивдүү маегинде айтып берди.

— Турсунбек мырза, россиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов менен убагында мелдеште кармашкан экенсиз...

— 2010-жылы Зеленоград шаарында панкратион боюнча Москва шаарынын чемпионаты өттү. Экинчи айлампада дагестандык мушкерге чыгып упай айырмасында жеңилгем. Кийин мелдеште баарын утуп чемпион болду. Көрсө ал бала Хабиб Нурагомедов экен.

Беттеш мен үчүн оор болгон. Шайым кетип, упай айырмасы менен утулгам. Бирок кармаш аягына чейин созулган.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев 2010-жылы панкратион (эрежесиз эр уруш) боюнча Москва шаарынын чемпионатында Хабиб Нурмагомедов менен үч раунддук беттеште кармашкан
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев 2010-жылы панкратион (эрежесиз эр уруш) боюнча Москва шаарынын чемпионатында Хабиб Нурмагомедов менен үч раунддук беттеште кармашкан

— Хабиб Нурмагомедов кийин ММА спортундагы эң абройлуу UFC уюмуна өтүп, промоушендин жеңилбес чемпиону бойдон кетти. Хабибдин мушкер катары сиз байкаган артыкчылыгы эмнеде?

— Чыдамкай, кара күч жагынан да аябай күчтүү экенин байкадым. Мени үч раунддук беттеште бир канча жолу жерге жыкты. Колумду кайрыганга, муунтууга аракет жасады. Мен алдырган жокмун. Бирок ал чарчабайт экен, үч раунддук беттеште баштан-аяк бирдей калыпта басым көрсөтүп жатты. Мен чарчап калдым. Урган соккулары эс тандыра турган кубаттуу деле эмес, бирок кишини жүдөтүп, күчүңдүн баарын алып коет. Артыкчылыгы ушунда экен.

Демейде атаандашыңдын да чарчаганын байкайсың да. Чабуул жасабай калат же соккулары, кыймылдары жай болгону кадимкидей сезилет. Же сен чабуул койсоң кача албай калат. Хабиб биринчи раундда кандай абалда болсо, үчүнчү раунддун соңку мүнөттөрүндө да ошондой эле болот экен. Мен ММА спортунда көп эле жолу беттештерге чыктым. Бирок мындай артыкчылыгы бар атаандашты ошондо көрдүм.

UFC мелдешинде катышып жүргөндө "чемпиондук беттешке чыгаргыла, Конор Макгрегор, Тони Фергюсон сыяктуу мушкерлердин бир тобун мага чыгар, мен алардын баары менен бир кечеде эле кармашып коё алам" деп айтканы бар эмеспи. Ошол сөздөрү бекер эмес экен.

— Мен ал беттештин видеосун издеп таап көрдүм. Сиз беттештин акыркы мүнөттөрүндө контрчабуул менен Хабибди бет тушка эки-үч уруп калган экенсиз...

Чемпион мира по борьбе U-23 Улукбек Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз
— Ооба, Хабиб менен беттештин аягындагы оң, сол колдоп кезектештирип эки-үч сокку ургам. Адатта атаандашка кубаттуу соккуң максатына жеткенде, мушуңдун тийгени өзүңө кадимкидей сезилет да. Бирок ал чыдамкайлык көрсөтүп, соккунун таасирин көп сезген жок окшойт. UFC мушкерлери Нурмагомедовду "стальная челюсть" деп коюшат эмеспи (күлүп), ошол үчүн айтышат окшойт...

— Дагестандык чемпион атаандаш катары сизди эстеп калган турбайбы, кийинки жылдары өткөн мелдеште учурашкан учурларыңыздар болгон экен. Эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр?

— Ал беттештен бир же эки жыл өткөндөн кийин мен жергиликтүү спорт клуб менен келишим түзүп, системалык түрдө машыгып, Москва чемпионатына кайра катышып калдым. Ошондо Нурмагомедов UFC уюму менен келишим түзгөн экен. Мелдешке сыйлуу конок катары келген. Кезектеги беттешке даярданып, залдан басып баратсам Хабиб достору менен туруптур. Маани деле берген эмесмин. Кайра кирип баратсам жолуман тосуп чыгып, колун сунуп, салам айтты. Учураштык. "Мени тааныдыңбы?" деп сурады. "Ооба" дедим. Ал-ахыбал сураштык. Анан "2010-жылы ушул жерде өткөн мелдеште мага татыктуу атаандаштык көрсөткөн кыргызстандык мушкер ушул бала" деп досторуна тааныштырды. Ошондой кыскача эле учурашуу болгон.

© Фото / из личного архива Турсунбека АсылгазиеваАсылгазиев: Кыргызстандан мигрант болуп барып Москвада иштеп, эки-үч жума спорт залга барып машыгып баштаганда эле мелдеш болуп катышып калгам
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги - Sputnik Кыргызстан
Асылгазиев: Кыргызстандан мигрант болуп барып Москвада иштеп, эки-үч жума спорт залга барып машыгып баштаганда эле мелдеш болуп катышып калгам

— Ошол беттештен бери туура он жыл өтүптүр. Такшалдыңыз, тажрыйба топтодуңуз. Эми ошол беттешке азыркы көз караш менен баам салып көрбөйсүзбү, кандай кемчилик кетирипсиз?

— Биринчиден, даярдык жетиштүү болгон эмес. Кыргызстандан мигрант болуп барып Москвада иштеп, эки-үч жума спорт залга барып машыгып баштаганда эле мелдеш болуп катышып калгам. Функционалдык даярдык, техникалык, кара күч жагынан толук даярдык болгон эмес. Эгерде мен да эки маал мыкты шартта машыккан болсом, балким, кармаш башкача болмок. Андан да татыктуу атаандаш болмоктурмун.

Мен негизи ММА спортуна күрөштөн келгем да. Хабиб да күрөшкө ыктаган стилде мушташ алып барат эмеспи. Стиль окшош. Анын даярдыгы алда канча мыкты эле.

— Россияга кандайча барып, ал мелдешке кантип катышып калдыңыз эле?

— Көпчүлүктүн катарында эле Москвага жумуш издеп, кадимки мигрант болуп барып Хабиб менен мушташып калгам (күлүп). Ошол кезде Москвада Каныбек Бикбоев аттуу мекендешибиздин спорт залы бар эле. Ошол залда машыгып баштадым. Күндүз иштейбиз, кечинде машыгуу. Шарт чыныгы спортчулардыкындай эмес болсо да токтоткон эмесмин. Машыгуу жаңыдан жанданып, дене көнүп даярдык башталганда эле мелдешке чыга турган болуп калдым да. Эки-үч эле жума машыккам.

— Хабиб Нурмагомедов чемпиондук курун коргоо үчүн Конор Макгрегор менен беттештин алдында Кыргызстанга келген эле. Аэропорттон тосуп алууга бардыңыз беле?

— Жок. Ошол убакта кайсыл бир мелдешке даярдык жүрүп жаткан. Машыгууда элем. Эмнегедир кызыгуу болгон жок ошол кезде.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсылгазиев: жеңилүү кийинки кадам үчүн зор мотивация берет. Мен ММА беттештеринде 50дөй беттешке чыккан болсом, алты жолу жеңилдим
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги - Sputnik Кыргызстан
Асылгазиев: жеңилүү кийинки кадам үчүн зор мотивация берет. Мен ММА беттештеринде 50дөй беттешке чыккан болсом, алты жолу жеңилдим

— Нурмагомедов жакында эле пландары тууралуу айтып, машыктыруучусу Хавьер Мендес менен жаз айларында Кыргызстанга келерин жар салды. Бул сапар жолугасызбы? Аны менен жолугушуу уюштуруп, биргелешкен көргөзмө машыгууларды өткөрүп, 10 жыл мурдагы беттешти эскерип дегендей... Негизи кызыкчылык барбы?

— Албетте бар. Уюштурса жакшы болот. Эсинде барбы, жокпу... Эсинде болсо пикир алышып, ошол беттешти талкууласа сонун болсо керек...

— Турсунбек, Россияда спорттук клуб менен келишим түзүүгө жетишип, машыгып калганыңыз боюнча билгим келип жатат...

— Мен ММА спортундагы тажрыйбамды арттыруу үчүн издендим. Спорттук клуб тууралуу көчөдөн эле жарнактан көрүп калдым. Өзүм эле басып барып, Станислав Фомин деген машыктыруучуну издеп таап сүйлөшкөм. Ал киши бир айлык сыноо менен макулдук берди. Эл катары акчасын төлөдүм. Шарт мыкты болуп, эки маал машыгууга өттүм. Чогуу иштеген байкелер да мени туура түшүнүп, жумуштан мага убакыт берип, ыңгайлуулук түзүп беришкен.

Күчөтүлгөн машыгуудан соң 2013-жылы Москва мелдешине кайра чыгып, чемпион болгом. Ошол мелдеште Хабиб Нурмагомедов сыйлуу конок болуп келген экен көрсө.

Кыргызстанский боксер Эржан Тургумбеков - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы официант Эржан бокс боюнча Евразия чемпиону аталды. Спортчунун маеги
Залга келгенде машыктыруучу мага аябай ыраазычылык айтты. Мактады, башкаларга үлгү кылды. Бул ийгиликтен кийин клуб мени менен беш жылга келишим түздү. Башында киргенде төлөгөн акчамды кайрып беришкен. Кийим-кече, тамак-ашым жакшырды. Жаракат алып калсаң дары-дармегиңди төлөп, көмөктөшчү.

Анан ал жакта да маселе жаралды. Машыгуу жакшы болгону менен мелдештерге чыгуу кыйын болду. Клуб бул маселеде дагестандык менеджер менен иштешчү. Ал чынын айтканда мага аз мүмкүнчүлүк берди. Машыгасың, мелдеш жок. Жеке мен үчүн. Менден жеңилип кала тургандар турнирлерге катышкан учурлар билине баштады. Анан кетким келди.

— Сиз тууралуу маалыматтарды чогултуп жатып, дүйнөлүк деңгээлде таанымал ММА мушкерлери чыккан Fight Nights Global уюмуна чакыруу болуп, зор мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганыңыз тууралуу угуп калдым. Ал уюм менен эмнеге кызматташпай калгансыз?

— Тааныштарым Fight Nights Global промоушендин ошол кездеги директору Камил Гаджиевге сунуштаса, ал киши мени тааный турганын айтыптыр. "Камил сени тааныйт экен, өзүм чалам деди, чалат, күт" дешти. Мен ишенген жокмун. Кийин чынында Гаджиев өзү чалды, жолугуп сүйлөштүк. Клубуна чакырды. Бирок мурдагы мен машыгып жүргөн "Клуб Единоборств №1" менен келишимди бузуп, биротоло өзүнө өтүү шарты менен атактуу промоушендердин мелдештерине чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү убадалады. Мен сүйүнүп дароо макул болдум. Келип "Клуб Единоборств №1" машыктыруучуларыма, чогуу машыккан спортчуларга айттым. Баары туура кабыл алып, колдоп, ийгиликтерди каалап узатышкан.

Fight Nights клубуна барып машыгууну баштадым, келишим түзө элек болчубуз. Анан жыл жаңырар мезгил болуп, тыныгуу болуп калды. Ошол тыныгуудан пайдаланып, Кыргызстанга барып келе калайын деп Гаджиевден сурана калбаймынбы... Уруксат берди. Ошол кезде Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деп, Россиянын бийлиги чет жактан келгендерди тазалап жаткан учур болчу. Москвадан аэропорттон учарда мени кара тизмеге киргизип коюшуптур. Эч кандай мыйзам бузган учурум жок болчу. Аны билген эмесмин. Эс алып бүтүп, Москвага жөнөп жатып РФтин кара тизмесине киргенимди билдим. Ошону менен бара албай калдым. Камил Гаджиев качан келесиң деп сурап көп жолу чалды. Суранып алып ушундай абалга туш келгениме уялганымданбы, айтор, кара тизме боюнча унчукпай, ар кандай шылтоолорду айтып бара албай калдым. Ошентип чоң мүмкүнчүлүктөн кол жуугам.

© Фото / из личного архива Турсунбека АсылгазиеваАсылгазиев: эң башкысы функционалдык жактан чыдамкайлыкка көнүү керек. Спорттун түрлөрүн акырындап ыңгайына жараша өздөштүрүп кетсе болот
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги - Sputnik Кыргызстан
Асылгазиев: эң башкысы функционалдык жактан чыдамкайлыкка көнүү керек. Спорттун түрлөрүн акырындап ыңгайына жараша өздөштүрүп кетсе болот

— Спортто жеңишке тете жеңилүү деген болот эмеспи... ММА мелдешинде кайсыл беттешти же болбосо кимден жеңилүүңдү ошондой деп эсептейсиз?

— Жеңилүү кийинки кадам үчүн зор мотивация берет. Мен ММА беттештеринде 50дөй беттешке чыккан болсом, алты жолу жеңилдим. Анын баары эл аралык мелдештерде болгон. Жеңилүү оор. Ошол үчүн утулган ар бир беттешиң эсте калат. Анализге аласың, талдайсың дегендей... Анын ичинен да өзгөчөлөрү болот. Башкыртстандык мушкер Венер Галиевден жеңилгеним эсимден кетпейт. Беттеш тууралуу он күн калганда айтышкан. Салмагымды тууралай албай кыйналгам. Айла кеткендиктен денедеги суюктукту чыгаруучу таблеткаларды ичкем. Ал мени шалдыратып, ошондо жеңилгем.

— Эсте калган жеңишчи?

— 2006-жылы Кыргызстандын Кулатуу боюнча чемпионатын утканыма азыркыга чейин кубанам. Эч эсимден кетпейт. Кармаш-уруш мелдешине биринчи жолу катышкан дебютум болгон. Кан кайнап турган жаштык кез, досум экөөбүз түнү менен көңүл ачып, уктаган эмеспиз. Мелдешке барып, таразага түштүк. Салмагы ашып калгандар салмак кууп жүргөндө, биз досум экөөбүз эки жерде килем үстүндө уктаганбыз. Ошентип эле мелдеш башталып, беш беттешти утуп чемпион болгом.

— Негизи ММА спортуна эмне себеп менен же кимдин кеңеши менен келип калдыңыз эле?

Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
— Аралаш мушташ спортуна аскердик самбо боюнча мелдешке катышкандан кийин келгем десем болот. Эркин күрөш боюнча Кожомкул балбандын ысымына арналган эл аралык мелдеште утулуп калдым. Даярдыгым мыкты болчу. Жай айында эл эс алып жүрсө мен машыккам. Жеңилип калдым. Калыс да атаандашка жан тарткандай болду. Аябай ызаландым.

Эртеси күнү эле Бишкекте күжүрмөн самбо боюнча Виталий Гордеевдин элесине арналган мелдеш болуп жатыптыр. Досум ал турнирде 82 килограмм салмакта күрөшмөк. Негедир кызыгып кеттим. Досум менин ордума чык деп калды. Анын эле фамилиясы менен катышып, финалда ошол салмактын мыкты спортчусу Түгөл Арапбай уулуна утулуп калдым.

Эркин күрөштө 74 килограммга күрөшүп жүрүп эле 82 килограммдагы спортчулар менен кармаштым. Бутуна кирип көтөрүп чаап жаттым. Мага бул күрөш жакты. Кийин эле улам кызыгып отуруп ММА спортуна өтүп кеттим.

— Көчөдө мушташкан учур болдубу?

— Көп эле болгон да (күлүп). Сабап коюп ооруканага дары ташып, түшүнүк кат жазып милицияда жүргөн учурлар көп эле болгон.

— ММА спортунда сага мушташуу стили жаккан, беттештерин үзбөй көргөн мушкер барбы?

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет
— Россиянын атактуу мушкери "Последний император" каймана атка конгон Федор Емельяненконун мушташуу стили жакчу. Анын беттештерин калтырбай көрчүмүн. Өзүм да беттешке чыгаар алдында да анын таймаштарын көрүп шыктанчумун. Анын мушкер катары эле эмес, өзүн алып жүргөн оор басырыктуулук сапаты бар адам катары да урматтайм.

— Көп беттештерди өткөргөнүңүздү айтып бердиңиз. Негизи ММА мушкери болуу үчүн спорттун кайсы түрүн мыкты өздөштүрүү керек экен?

— Эң башкысы функционалдык жактан чыдамкайлыкка көнүү керек. Спорттун түрлөрүн акырындап ыңгайына жараша өздөштүрүп кетсе болот. Анан профессионалдык эмес мелдештерге көп чыгып такшалыш керек. Тажрыйба топтоп, ыкмаларды өздөштүрүп, денени ар кандай соккуларга көндүрүш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0