Дүйнө кубогу: грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык эки балбан жарым финалга чыкты

© SputnikГрек-рим күрөшү. Архив
Грек-рим күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жарым финалдык беттештердин алдында тыныгуу жарыяланды. Кыргызстандык эки балбан тең финалга чыгуу үчүн россиялык спортчулар менен кармашат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Балбай Дордоков менен Халмурат Ибрагимов өз салмак даражаларында Дүйнө кубогу мелдешинин жарым финалына чыгышты. Беттешти UWW уюмунун расмий сайты түз алып берип жатат. 

55 килограммда күрөшүп жаткан Дордоков жарым финалда россиялык Емин Сефершаев менен беттешет. Кыргыз балбаны чейрек финалда индиялык Алжун Халакуркини 10:5 эсебинде жеңсе, 8/1 баскычта украиналык Владислав Куськону 6:0 эсебинде утуп алган.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды
Ал эми 67 килограмм салмакта ат салышып жаткан Ибрагимов финалга чыгуу үчүн россиялык Назир Абдуллаев менен кармашат. Кыргызстандык балбан буга чейинки этапта индиялык Ашуну артыкчылык менен жеңген. Ал эми 8/1 финалда болсо франциялык Гажик Сноянды 11:5 эсебинде уткан болчу.

Бүгүн беттешке чыккан кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов (77 килограмм), Руслан Царев (72 килограмм), Атабек Азисбеков (87 клиограмм) биринчи айлампада утулуп калышты.

Учурда жарым финалдык беттештердин алдында тыныгуу жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0