Көтөргөн боюнча жерге бир чаап... Дана Уайтты таң калтырган нокауттун видеосу

© AFP / Douglas P. DeFelice UFC мушкери. Архив
 UFC мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер Ливитт бул жеңиши үчүн уюмдан 50 миң доллар бонус алган. Адистер адаттан тыш катаал нокаут болгонун айтышууда.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 6-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында (Невада штаты) өткөн UFC мелдеши адаттан тыш нокауттар менен коштолду. Анын видеосун промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап, пикир калтырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dana White (@danawhite)

Мелдештин негизги кардында (мушкерлер жубу) жеңил салмакта Жош Ливитт тажрыйбалуу Мэтт Уиманды адаттан тыш ыкма менен нокаутка кетирди. "Маймылдардын падышасы" каймана атка конгон Жош Ливитт 22-секундада атаандашын кучактап турган абалда жерге чапкан. Тажрыйбалуу мушкер Уиман канваска тийгенде эстен танган.

Беттештен кийинки маалымат жыйында Дана Уайт мушкер Уимандын абалы жакшы экенин билдирип, бул нокаут эң катаал болгонун айтканын "Чемпионат" сайты жазды.

"Уимандын абалы жакшы. Мен мындай катаал нокаутту көрө элек болчумун. Ал канваска тийгенде башкача үн чыкты. Бул өтө башкача болду. Ага карабай Мэтт Уимандын абалы жакшы экени мени кубандырды", — деди ал.

Ливитт мыкты нокаут менен уткан жеңиши үчүн уюмдан 50 миң доллар бонус алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0