Спорт агенттиги коррупцияга каршы челлендж өткөрөт

Жазылуу
Соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн "биз коррупцияга каршыбыз, токто" деп айта турчу күн келди. Демилге коомдо коррупциялык көрүнүштөргө терс мамилени калыптандыруу максатында көтөрүлдү", — деп айтылат билдирмеде.

Трансформатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кең-Сайдагы дагы бир коррупция. Эки трансформатор сегиз эсе кымбат алынган
Маалым болгондой, бул челленджге бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт. Челлендж 10-декабрга чейин уланат.

Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнү белгиленип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0