Марттан бери биринчи жолу. "Арсенал" — "Рапид" оюнуна 2 миң күйөрман киргизилди

© REUTERS / DYLAN MARTINEZЛондондук "Арсенал" менен веналык "Рапид" клубдарынын Европа лигасындагы беттеши
Лондондук Арсенал менен веналык Рапид клубдарынын Европа лигасындагы беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Лондондук "Арсенал" менен веналык "Рапид" клубдарынын Европа лигасындагы беттешине эки миңдей күйөрман киргизилди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.

Оюн Лондондогу "Эмирейтс" аянтында өтүп, талаа ээлери 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.

"Стадионго келип бизди колдогон эки миң күйөрманга жана биздин дүйнө жүзүндөгү бардык фанаттарга рахмат айтабыз", — деп белгиленет лондондук клубдун билдирүүсүндө.

Британиянын бийлиги буга чейин айрым клубдардын өз стадионундагы оюндарына белгилүү сандагы күйөрмандарды киргизүүгө макулдук берген. Англияда былтыркы сезон коронавируска байланыштуу март айынан тарта күйөрмансыз өткөн. Жаңы сезондо да азырынча фанаттар киргизиле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0