Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

© AFPМадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос. Архив
Мадриддик Реал клубунун капитаны Серхио Рамос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, алдына билдирүү жазган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Футболчу мушкерге өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кайрылган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sergio Ramos (@sergioramos)

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, астына билдирүү калтырган.

"Конор, качан даяр болосуң?" — деген футболчу.

Өз кезегинде мушкер бул чакырыкка кечиктирбей жооп кайтарган.

"Даяр бол, менин досум! Алдыда чоң беттеш турат", — деп футболчунун постунун астына билдирүү калтырган Конор.

Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чык рингге! Кулагын тиштеткен Холифилд атаандашы Тайсонго чакырык таштады
Эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор 23-январда UFC 257 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. 32 жаштагы ирландиялык мушкерге америкалык Дастин Порье атаандаш болот.

Рамос буга чейин машыгууда гол киргизип, Макгрегордун басканын туурап майрамдап, мушкерге кайрылган.

Өз кезегинде мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан киргизген голун жарыялап, футболчуга жооп кылган. Рамос Макгрегорду "Реал" клубунун машыгуусуна чакырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0