Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан олимпиадага даярдык боюнча циклдүү чыгарылыштардын алкагында ата мекендик балбандардын атаандаштарын көтөрүп чапкан кооз ыкмаларын чогултту.

Быйыл коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптап, көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды. Анын катарында спорттун эң жогорку мелдештеринин бири, жай айына белгиленген Токио Олимпиадасы да 2021-жылга калтырылган.

Азыркы тапта беш кыргызстандык спортчунун лицензиясы бар бар. Суучул Денис Петрашов, жеңил атлетикадан 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо жөө күлүк Юлия Андреева жана Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнүн 87 килограмм салмактагы балбаны Атабек Азисбеков жана кыз-келиндер күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жолдомо алышкан.

Учурда спортчуларыбыз Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу мелдештерге кызуу даярдык көрүп жаткан чагы.

Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байгесинин ээси Канатбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем
Дзюдо боюнча 2021-жылдын январь айында Катардын Доха шаарында Masters, февраль айында Израилде Grand Slam, апрель айында Кыргызстанда Азия чемпионаты, май айында Парижде Grand Slam жана июнь айында Венгрияда дүйнө чемпионаты өтөт.

Ал эми спорттук күрөштүн түрлөрүнөн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) март айында Кытайда жана апрель айында Болгарияда жолдомо берилүүчү ири мелдештер каралган.

Ата мекендик спортчулар дал ушул турнирлерден Олимпидага жолдомо алат деген үмүт чоң.

Sputnik Кыргызстан Олимпиадага даярдык боюнча циклдүү чыгарылыштардын алкагында ата мекендик дзюдо, эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандарынын 2016-2020-жылдар аралыгында күрөшүп, атаандаштарын көтөрүп чапкан керемет ыкмалардын жыйнагын сунуштайт.

Дзюдо

Дзюдо күрөшүнүн чебери Кубанычбек Айбек уулу 2019-жылы Японияда өткөн дүйнө чемпионатында 7-орунга жеткен. 60 килограмм салмакта күч сынашкан балбаныбыз үчүнчү айлампада монголиялык Дашдава Амартувшин менен кез келип, аны укмуштуудай ыкмага алып чапкан. Калыстар кыргызстандык балбандын ыкмасын иппон (таза жеңиш) деп баалаган.

Кубанычбектин бул ыкмасын Дүйнөлүк дзюдо уюму 2019-жылдагы мыкты иппондордун катарына кошкону маалым.

Ушул эле жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия кубогу мелдешинде казакстандык Шерзод Давлатовду көтөрүп чапканы көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @muhammed_umar_judo

Кыргызстандык дагы бир дзюдо чебери 81 килограмм салмакта күрөшкөн Владимир Золоев 2019-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында казакстандык Арман Махамбетовду үстүнөн ашыра алып чаап, уткан.

66 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн кыргызстандык дагы бир дзюдочу Отар Бестаев Казакстанда өткөн эл аралык ири мелдеште чегинип качкан атаандашын жамбаштан ашыра көтөрүп чаап, өзгөчө ыкма жасаган.

Бул ыкма толук жеңишти камсыздай албаганы менен мыкты көрүнүш тартуулайт. Бестаев беттеште үстөмдүгүн улантып, аягында жеңишке жеткен.

Юрий Краковецкий - Кыргызстандын дзюдо спортунда өз орду бар балбан. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Жайкы олимпиада оюндарында украиналык Яков Хаммону жыкканда эсте каларлык ыкма жасаган.

Грек-рим күрөшү

Грек-рим күрөшү көтөрүп чапкан ыкмаларга бай. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2016-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында армениялык Махлас Амоянды адаттан тыш ыкма менен чапкан. Калыстар ыкма биринчи бөлүк бүткөндөн кийин жасалды деп эсепке алган эмес. Деген менен ыкма кооз болгон.

Махмудов 2018-жылы алгачкы ирет чоңдор мелдешине чыгып, Бишкектеги спорт сарайында өткөн Азия чемпионатын уткан. Финалдык беттеште казакстандык тажрыйбалуу балбан Демеу Жадраевди жамбашка алып чапкан. Бул учурда Акжол 4:0 эсебинде утулуп жаткан эле. Жасаган катуу чабуулунан буйтап качкан атаандашын ай-буйга келтирбей, күч менен мыкчып кармап туруп жасай алган.

Кыргызстандык балбан жеңишке жеткен. Бул ыкма беттештеги чечүүчү учур болгону менен баалуу.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында россиялык Эмин Сефиршаевди керемет ыкма менен чапкан.

Жоламан атаандашын секирген абалда кармап, төбөсүнө көтөрүп туруп чапкан ыкмасы мелдештин мыкты ыкмаларынын катарына киргизилген. Балбандар 55 килограмм салмакта күч сынашкан.

Шаршенбеков бул ыкмасы үчүн 4 упай алып, беттешти 12:1 эсебинде техникалык артыкчылык менен уткан.

Кыргызстандагы атактуу грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия оюндарында Кыргызстандын туусун көтөргөн спортчу Каныбек Жолчубековдун атаандаштарын керемет ыкма менен чапкан учурлары көп. Өткөн жылы Украинадагы эл аралык мелдеште эле бир канча кооз ыкмаларды жасаган. Анын катарында украиналык Игорь Курочкин аттуу балбанды артка алып чапкан (обратный) ыкмасы өзгөчө чеберчилик менен жасалган.

Каныбек 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында түркиянын балбаны Керем Камал менен кармашканда да мыкты ыкмаларды жасаган. Калыстын атаандаштын пайдасына кабыл алган чечимдерине карабай, беттештин экинчи бөлүгүндө түрк балбанын эки ирет көтөрүп чапкан. Экинчи ыкмасы мелдештеги эсте калардык ыкмалардан болгон.

Эркин күрөш

Аты айтып тургандай эле күрөштүн бул стилинде көтөрүп чапкан ыкма жасоо бир аз татаал. Деген менен балбандар учурун таап, спорт күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулашат.

2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында 65 килограмм салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев АКШлык Жайдин Селсор Айрманды чапкан ыкмасы мелдештин көркүн ачкан. Эрназар акыркы секундаларда артка ийилип (прогиб) чапкан ыкмасы жеңиш алып келип, чейрек финалга чыккан.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму Эрназар Акматалиевдин жасаган ыкмасын мелдештеги эң кооз ыкма деп тапкан.

Кыргызстандык дагы бир эркин күрөштүн балбаны Улукбек Жолдошбеков көтөрүп чабуу ыкмасынын чебери болуп саналат. Россиянын Дагестан Республикасында өткөн Али Алиев атындагы эл аралык мелдеште россиялык Артем Гебековду көтөрүп, үстүнөн ашыра алып чапкан.

Улукбектин 2019-жылы өткөн 23 жашка чейинкилердин арасындагы дүйнө чемпионатында түркиялык балбан Селехиддин Серт менен квалификациялык раундда кез келген. 6:2 эсебинде утулуп жатып, тик турган жерден мыкчып кармап, буралып чапкан.

Бул мелдеште Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпионатын утуп алган.

Бу саам кыргызстандык дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандардын айрым гана ыкмалары берилди. Токио олимпиадасы Кыргызстан үчүн жемиштүү болоруна тилектешпиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0