Тарыхый окуя! Рой Жонс менен Майк Тайсондун кармашы аяктады. Видео

© AFP / Joe Scarnici / Getty Images for TrillerАтактуу боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонс
Атактуу боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонс  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагер спортчулар рингде эки мүнөттөн сегиз раунд кыл чайнашты. Тайсон рингге акыркы жолу 2005-жылы чыккан.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Рингде кезиккен атактуу боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонс тең чыкты. Беттеш түз эфирден көрсөтүлдү.

​Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс  - Sputnik Кыргызстан
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Комментаторлор, эң негизгиси, кармашта эч ким катуу жабыркап өмүрүнө жана ден соолугуна зыян тийгизбегенин билдиришти. Ошондой эле көз кандырган беттеши үчүн ыраазычылык айтышты.

Эки спортчу тең рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0