АФК-2021 мелдешинин форматы жана өтө турган күнү бекиди

Жазылуу
АФКнын быйылкы жылдагы мелдешинде Кыргызстандан өлкө чемпиону Бишкектин "Дордой" жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү Оштун "Алай" клубдары ойнойт.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Азия футбол конфедерациясынын Аткаруу комитети АФК-2021 кубогу мелдешинин өтө турган күнүн жана форматын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Аргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Мелдештин квалификациялык этабы борбордук аймакта 6-7-апрелде өтүп, бир оюн менен жыйынтыкталат. Ал эми плей-офф баскычы 20-21-апрелге белгиленди. Бул этаптан жеңип чыккандар тайпалык баскычка өтүшөт.

Ал эми АФК кубогунун тайпалык оюндары борборлоштурулган форматта 14-20-май аралыгында өтөт. Оюндар айлампа системасы боюнча болот. Мелдештин өтүүчү жайы азырынча тандалып жатат.

АФКнын быйылкы жылдагы мелдешинде Кыргызстандан өлкө чемпиону Бишкектин "Дордой" жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү Оштун "Алай" клубдары ойнойт.

"Дордой" түз эле тайпалык этаптан ойноп баштайт, ал эми "Алай" квалификациялык баскычтан тарта күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0