ММА мушкери атаандашын башка тээп нокаутка түшүргөн видео

© AFP / Douglas P. DeFeliceМушкер. Архив
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Польшалык ММА мушкери Камиль Онищук атаандашын сулата тээп бүк түшүрдү. Мындай кызыктуу учурду ACA MMA уюму өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Польшанын Лодзе шаарында өткөн ACA 114 мелдешинде Камиль Онищук жердеши Кристиан Бельски менен кез келип, тик турган абалда анын баш тушуна тээп кулаткан.

Нокаут с первого удара — кыргызстанец победил бойца из РУз в Москве. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер каршылашын бир сокку менен нокаутка кетирди. Видео
Беттештин алгачкы мүнөттөрүндөгү Бельскинин үстөмдүгүнө карабастан Онищук үчүнчү раундда сол буту менен катуу тепкен. Бул соккуга даяр эмес болгон Бельски тик турган жеринен канваска кулаган.

Калыс заматта беттешти токтотуп, жеңишти Камиль Онищукка ыйгарган. Промоушен да анын нокаутун баалап, бонус берген.

Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0