"Дордой" менен "Алай" Борбор Азиянын мыкты клубу жарышында ат салышып жатат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүубка конфедераций-2017 по футболу между сборными Камеруна и Австралии
убка конфедераций-2017 по футболу между сборными Камеруна и Австралии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул наам үчүн кыргызстандык командалардан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда жарышка катышууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын "Дордой" жана "Алай" футболдук клубдары Борбор Азиядагы эң популярдуу клуб наамы үчүн ат салышып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Азия футбол конфедерациясы (АФК) @theafchub расмий сайтында чөлкөмдөгү таанымал клубду аныктоо боюнча сурамжылоо уюштурду.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" клубу өлкө биринчилигин жеңди
Спорттук бул наам үчүн кыргызстандык эки командадан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда ат салышууда.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары ата мекендик клубдарды колдоо үчүн шилтеме менен кирип, өзүнүн мыкты деген командасын тандай алат.

Добуш берүү 1-декабрга чейин уланат.

Эске салсак, быйыл Бишкектин "Дордойу" өлкө чемпиону болсо, Оштун "Алайы" өлкө кубогун уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0