Шевченкодон жеңилген Женнифер Майя беттеш тууралуу билдирүү жасады

© AP Photo / Frank Franklin IIБразилиялык спортчу Женнифер Майя. Архив
Бразилиялык спортчу Женнифер Майя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер аны колдогондорго ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы Бразилиянын атын сыймыктануу менен тааныта берерин белгилеген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бразилиялык спортчу Женнифер Майя Instagram баракчасына Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык Валентина Шевченкодон жеңилип калганы тууралуу билдирүү жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jennifer Maia (@jennimaiaufc)

Эске салсак, 22-ноябрда өткөн турнирде Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калган. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөткөн.

"Бул ирет эмес! Ошентсе да улуу спортчулар кармашкан жерге келгениме сыймыктанам. Мындай мүмкүнчүлүк берилгенине кубанычтамын жана бактылуумун. Мен баарынан мыкты экенимди далилдегим келбейт, бирок өзүм үчүн күн сайын мыкты экенимди көрсөтсөм дейм. Жыйынтык дайыма эле биз ойлогондой боло бербейт. Бирок ар бир нерседен көп сабак алып жатам", — деп жазган Майя.

Мушкер аны колдогондорго ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы Бразилиянын атын сыймыктануу менен тааныта берерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0