Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Жазылуу
Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама команданы куроо, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 24-ноябрда, эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты башталат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Булгаары мээлей чеберлери 28-ноябрга чейин таймашат. Мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болмокчу.

"Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама команданы куроо, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында бокс спортун кеңири жайылтуу ураанынын алдында өтөт", — деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Мелдеш Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.

Мелдештердин программасы:

  • 24-27-ноябрь күндөрү — алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал;
  • 28-ноябрь — финал.
Жаңылыктар түрмөгү
0