Рафаэль Физиевдин атаандашы коронавируска кабылып, беттештин мөөнөтү жылды

© Sputnik / Александр ГальперинКыргызский боец смешанных единоборств Рафаэль Физиев
Кыргызский боец смешанных единоборств Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер 28-ноябрда өтчү UFC Fight Night: Blaydes vs. Lewis. мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен таймашка чыкмак.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмундагы кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин беттеши 12-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу спортчу бүгүн, 22-ноябрда, өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Ал 28-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтчү UFC Fight Night: Blaydes vs. Lewis. мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен таймашка чыкмак. Атаандашы коронавирус илдетине кабылгандыктан, беттеш 12-декабрга жылдырылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

"Ассаламу алейкум, баарыңарга ысык салам. Менин беттешим ошол эле Лас-Вегас шаарына 12-декабрга жылдырылды. Атаандашым коронавируска кабылып калыптыр. Анын тезирээк сакайып кетишин каалайм! Эми дагы эки апта бою тынбаган машыгуу...", — деген билдирүү калтырган мушкер.

Бул кыргызстандык спортчунун UFC уюмундагы төртүнчү беттеши болот. Буга чейин Физиев ушул жылдын июль айында англиялык Марк Диакезини уткан. Ал кармаш эң кызыктуу беттеш деп табылып, мушкерге 50 миң доллар бонус берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0