Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео

© AP Photo / Michael WykeUFC 247 в Хьюстоне. Валентина Шевченко против Кэтлин Чукагян
UFC 247 в Хьюстоне. Валентина Шевченко против Кэтлин Чукагян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер UFC 255 мелдешинин негизги беттештеринин биринде бразилиялык Женнифер Майя менен кармашкан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал бразилиялык Женнифер Майя менен беттешти.

​Беттештин бешинчи раундунда кыргызстандык мушкер кыз калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

​Муну менен Валентина Шевченко аталган уюмдагы чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоду.

Буга чейин анын бир тууганы Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен уткан болчу.

Беттеш кандай өткөнүн тексттик трансляциядан окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0