Антонина Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен утту. Видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүUFC Fight Night в Санкт-Петербурге
UFC Fight Night в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи раундда Антонина атаандашын жерге жыгып алып, бети-башына туш тараптан удаасы менен соккондуктан калыс беттешти токтотту.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алды. Беттештин видеосун UFC уюму Twitter баракчасына жарыялады. 

​Беттеш эки раундга созулду. Биринчи бөлүктө кыргызстандык мушкер кыз ыңгайлуу позицияны ээлеп, муунтуу ыкмасын жасаганга аракет кылды.

Экинчи раунд дээрлик партерде (жерде алышып кармашуу) өттү. Антонина атаандашын астына алып, бети-башына туш тараптан соккондуктан калыс беттешти токтотту.

Промоушендин расмий баракчасында Антонина Шевченко UFC уюмундагы беттештеринде алгачкы жолу грэпплинг ыкмасын мыкты колдонгону, биринчи ирет техникалык нокаут менен утканы белгиленди.

Бүгүнкү мелдеште Антонинанын бир тууганы Валентина Шевченко промоушендин эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн Женнифер Майя менен октагонго чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0