БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун спорттук карьерасын улантуу ниети жок. Бул тууралуу ал "АиФ Дагестан" маалымат булагына билдиргенин Р-Спорт жазды.
Октябрда ал америкалык Жастин Гэтжинин утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
"Мен чыккан беттештер чоң акча турат, көп адамдар көрүп, ажиотаж болот. Бул сөздөр мени дагы көп убакытка чейин ээрчийт деп ойлойм. Мурда беттеш өткөргөндөн кийин эртеси эле кийинкиси качан деп сурашчу. Эл дайыма эле сериалдын, банкеттин уландысын көргүсү келет. Бирок менин спорттук карьераны улантуу планым жок", — деген мушкер.
Нурмагомедов UFC уюму ага дайыма жаңы мушкерлерди жана болжолдуу атаандаштарды даярдап келерин белгилеген.
Мушкер профессионалдык карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарын жеңген. Анын 13үнө дүйнөдөгү эң абройлуу UFC промоушенинде жетишкен.