Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол

© AP Photo / Kamil KrzaczynskiUFCнин жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
UFCнин жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-ноябрда жеңил салмактын чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко октагонго чыгат. Чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоо үчүн ал бразилиялык Женнифер Майя менен кармашат.

Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болуп саналат. Анын атаандашы Женнифер Майя бул салмактын чемпиондугуна талапкер.

Мушкер кыздар 21-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүүчү UFC 255 турниринде кез келишет. Кыргызстандык чемпион эң жеңил салмактагы титулун төртүнчү жолу коргомокчу.

Валентина Шевченко менен Женнифер Майянын кармашына карата Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү ММА адистеринин, мыкты мушкерлердин пикирин чогултуп, талдоо жүргүздү.

Кыргызстандык ММА мушкери, дүйнө чемпиону Турсунбек Асылгазиев бул беттеш Валентина Шевченко үчүн өтө оор сыноо болорун божомолдоду. Атаандашы Майя туруп таймашуудан да, партерден алышуудан да мыкты. Экинчи жагынан Шевченко психологиялык кысымга да учурай турганын белгиледи мушкер.

© Фото / из личного архива Турсунбека АсылгазиеваКыргызстандык ММА мушкери, дүйнө чемпиону Турсунбек Асылгазиев
Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ММА мушкери, дүйнө чемпиону Турсунбек Асылгазиев

— Женнифер Майя Бразилияда Куручиба шаарындагы атактуу Chute Boxe Academy залында машыгат. Ал академия ММА спортуна легендарлуу Андерсон Сильва, Маурисиу (Сёгун) Руа, Вандерлей Силва сыяктуу мушкерлерди тарбиялап чыгарган. Башкача айтканда, Майя ММА спортунда тажрыйбага бай чөйрөнүн өкүлү. Ал туруп таймашуудан да, партерден (жерде жатып кармашуу) да мыкты экени көрүндү. Ошондуктан бул беттеш Шевченко үчүн өтө оор сыноо болот.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, Шевченко психологиялык жактан да кыйналат. Себеби чемпион болгонго караганда, чемпиондукту коргоп калуу же чемпион бойдон калуу кыйын. Анткени кокус жеңилип калсаң, беттеш менен кошо атак-даңктан, наамдан да кол жууйсуң. Бул жагынан Женнифер Майяга жеңилирээк болот.

Шевченконун баштапкы спорту — тай бокс. Андан сырткары, кошумча бир катар спорттун түрлөрүн өздөштүргөн. Негизи UFC уюмунда алсыз мушкер жок. Баары ар тараптан мыкты. Менимче, беттеш акыркы раундга чейин созулуп, калыстардын чечими менен Валентина утат.

Жекеме-жеке таймаш спортунун өкүлү, Бирма боксу боюнча дүйнөнүн чемпиону, кикбокс боюнча Азиянын биринчилигинин жеңүүчүсү Михриниса Ниязова да боло турчу беттешти талдап берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖекеме-жеке таймаш спортунун өкүлү, Бирма боксу боюнча дүйнөнүн чемпиону, кикбокс боюнча Азиянын биринчилигинин жеңүүчүсү Михриниса Ниязова
Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол - Sputnik Кыргызстан
Жекеме-жеке таймаш спортунун өкүлү, Бирма боксу боюнча дүйнөнүн чемпиону, кикбокс боюнча Азиянын биринчилигинин жеңүүчүсү Михриниса Ниязова

— Эки мушкер тең күчтүү, чыдамкай. Экөө тең бокстун ыкмаларын, соккуларын мыкты өздөштүргөн. Салыштырып карасак, туруп кармашууда Шевченко муай-тай, ал эми атаандашы бокс ыкмасын колдонот. Ошондуктан Валентинада артыкчылык көп деп ойлойм. Анын техникасы, чабуулу жана коргонуусу сабаттуу. Буту менен чагылгандай ылдам, кубаттуу сокку узатат. Ошол эле учурда заматта коргоно алат.

Как Шевченко готовится к защите чемпионского титула — проморолик от UFC - Sputnik Кыргызстан
Жакында Шевченко чемпиондук курун коргойт. Спортчунун презентациялык видеосу
Майянын коргонуусу бир аз начарыраак экени буга чейинки беттештеринде көрүндү. Бразилиялык кыз чабуулга чыкканда коргонуусун анча карабай калат. Бул жерде ага ыкчам контрчабуул жасап, аны нокаутка түшүрүп койсо да болот.

Майя акыркы беттешинде Джоан Калдервудду колду кайрыган ыкма менен уткан. Демек, анын жиу-житсу боюнча даярдыгы бар. Бирок бул Шевченко үчүн көп деле маселе жаратпайт деп ойлойм. Анткени кыргызстандык мушкер буга чейин да жиу-житсунун бразилиялык өкүлү Жулианна Пенья менен кармашкан. Тескерисинче, Валентина аны колун кайрып, жеңилип берүүгө аргасыз кылган.

Ошондуктан Валентинада көп жагынан артыкчылык бар, утат деп ойлойм.

Кикбоксингдин К1 түрү боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев беттеште Валентина Шевченко күчтүүлүк кылат деген болжолун айтты. Анткени анын туруп таймашуудагы кол менен сокку уруп, өзгөчө бут менен тээп жасаган чабуулдары жакшы натыйжа берет дейт дүйнө чемпиону.

© Sputnik / Табылды КадырбековКикбоксингдин К1 түрү боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев
Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол - Sputnik Кыргызстан
Кикбоксингдин К1 түрү боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев

— Эң башкысы, Шевченкодо мыкты мотивация бар. Чемпиондук наамды коргоо үчүн төртүнчү жолу чыгып жатат. ММА спортунда мындай мүмкүнчүлүккө жетүү оңой эмес. Өзгөчө, дүйнөдөгү эң абройлуу промоушенде бул татаал. Ошон үчүн катуу даярдык менен келет. Чемпионго каршы беттешке чыгуу да өтө кыйын. Анын атагы эле өзүнчө айбат берип турат. Бул өз кезегинде Майяны катуу толкундатат. Психологиялык басым болот.

Анын үстүнө Валентинанын күрөш ыкмасы да мыкты. Муну биз анын буга чейинки беттештеринен көргөнбүз. Биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утат деп ойлойм.

Мындай пикирге Кыргызстандагы ММА спортунун мушкер кызы, WEF PROFFIGHT уюмунун чемпиону Бегимжан Касымова да кошулат. Бегимжан бул беттеште Шевченко үстөмдүк кылат деп эсептейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековММА спортунун мушкер кызы, WEF PROFFIGHT уюмунун чемпиону Бегимжан Касымова
Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол - Sputnik Кыргызстан
ММА спортунун мушкер кызы, WEF PROFFIGHT уюмунун чемпиону Бегимжан Касымова

— Женнифер Майя чемпиондук беттеште талапкер болгону менен азырынча Шевченкого теңтайлаша турган деңгээлге жете элек. Анткени Майя буга чейинки беттештеринде Лиз Кармуш менен кармашып, жеңилген. Ал эми Шевченко Кармушту оңой эле уткан. Менин оюмча, Шевченко бул беттеште бардык жагынан үстөмдүк кылат. Беттеш мөөнөтүнөн мурда эле аяктайт деп ишенимдүү айта алам.

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) уюму менен келишим түзгөн кыргызстандык спортчу Азиз Сатыбалдиевдин машыктыруучусу Тынчтыкбек Өмүрзаков бул беттеште Валентина Шевченко жеңет деген пикирде. Машыктыруучу кыргызстандык мушкер кыздын ыкчамдыгы менен кошо башкалардан өзгөчө артыкчылыгын белгилеп өттү.

© Фото / Асан СултановАбсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) уюму менен келишим түзгөн кыргызстандык спортчу Азиз Сатыбалдиевдин машыктыруучусу Тынчтыкбек Өмүрзаков
Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар. Шевченко — Майя беттешине божомол - Sputnik Кыргызстан
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) уюму менен келишим түзгөн кыргызстандык спортчу Азиз Сатыбалдиевдин машыктыруучусу Тынчтыкбек Өмүрзаков

— Бул дивизиондо азыркы тапта Шевченкону эч ким ута албайт. Аялзатынын кыймылы эркектерге караганда жай болот. Бул табигый көрүнүш. Бирок мушкер кыздардын арасында Шевченко салыштырмалуу тез кыймылдайт. 

Дагы бир өзгөчө белгилеп кетүүчү артыкчылык — Шевченко UFC уюмунда эркектерди кошо эсептегенде да беттеште аралыкты сактоо боюнча рейтингде эң алдыда турат. Мындай өзгөчөлүк атактуу мушкер эркектерде да жок. Женниферде бразилиялык жиу-житсу күрөш ыкмасы бар. Бирок аралыкты жакшы сактаган, башкача айтканда, атаандашты жакын жолотпой мушташ жүргөн учурдагы күрөш көп жардам бере албайт. Ошондуктан Майяда мүмкүнчүлүк аз. Бразилиялык кыз күчтүү болушу мүмкүн. Бирок Валентинанын шамдагайлыгы, соккуларды тийгизбей кеткен ыкмаларды мыкты өздөштүргөнү натыйжасын берет. 

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко КМШдагы сулуу жана мыкты мушкер аял деп табылды. Сүрөт
Адис ошондой эле кыз-келиндер дивизионунда эң мыкты делген мушкер Аманда Нуньес кара күчү менен гана Валентинаны упай айырмасында жеңгенин белгилеп кетти.

Тынчтыкбек Өмүрзаков Валентина Шевченконун жеңишке болгон дагы бир мүмкүнчүлүгүн айтып өттү.

"UFC эрежеси боюнча чемпиондук наам үчүн беттеште курдун ээсине артыкчылык берилет. Эгерде беттеш тең чыгуу менен аяктаса, чемпион мушкер жеңүүчү деп эсептелет. Шевченко менен Нуньес тең чыгып, жеңиш Амандага ыйгарылган. Ошондуктан бул титулдук кармашта Шевченкодо дагы бир артыкчылык бар. Бирок ага жеткирбей эле Валентина болбоду дегенде калыстардын чечими менен утушка ээ болот", — деди Өмүрзаков.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко ММА мелдешинде жалпысынан 21 беттешке чыгып, анын 18ин жеңген. Үч беттеште утулган. Ал эми Женнифер Майя 25 кармаштын 18ин утуп, 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Бир ирет атаандашы менен тең чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0