Бутун артка чоюп тепти! Германия чемпионатындагы өзгөчө голдун видеосу

© REUTERS / MARTIN MEISSNERФутбольный матч в Бундеслиге
Футбольный матч в Бундеслиге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул футболчунун азыркы сезондогу биринчи голу болду. Беттеш соңундагы өзгөчө гол командага жеңиш алып келе алган эмес.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Германия чемпионатында футболчу Валентино Лазаро "чаян сокку" аталган ыкма менен гол киргизди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады.

​Окуя Бундеслигадагы "Боруссия" Мюнхенгладбах менен леверкузендик "Байер" клубдарынын беттешинде катталган.

Чимирилип тепти! Ибрагимовичтин кезектеги өзгөчө голунун видеосу

Оюндун кошумча берилген 94-мүнөтүндө Мюнхенгладбахтын футболчусу керемет ыкма менен тепкен топ дарбаза бурчунан кирген. Бирок бул гол командага жеңиш тургай, тең чыгууну да алып келе алган эмес. Оюн 4:2 эсеби менен леверкузендиктердин пайдасына аяктаган.

Бул Лазаронун азыркы сезондогу алгачкы голу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0