Боксчу Гассиев оор салмактагы дебютунда атаандашын бүк түшүрдү. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиялык боксчу Мурат Гассиев. Архив
Россиялык боксчу Мурат Гассиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Красная Поляна" спорт жайында өткөн беттеште россиялык мушкер албаниялык Нури Сеферини 107-секундада кулата соккон.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Россиялык боксчу Мурат Гассиев оор салмактагы дебютун атаандашын бүк түшүргөн нокаут менен баштады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазып, окуянын видеосу жарыяланды.

​Муратов эки жылдык тыныгуудан кийин оор салмакта албаниялык Нури Сефери менен кез келген. Беттеш кечээ "Красная Поляна" спорт жайында өтүп, 107-секундада (биринчи эле раунд) россиялыктын жеңиши менен аяктаган.

Токаев ишенген казакстандык спортчу атаандашын бир сокку менен сулатты. Видео

Бул Гассиевдин профессионалдык рингдеги 27-жеңиши болду. Ал бир ирет утулган. Ал эми Сефери муну менен онунчу жолу жеңилди. Абаниялык боксчу карьерасында 41 беттешти уткан.

Сефери менен болгон беттеш Гассиев үчүн оор салмактагы дебюттук таймаш болду. Буга чейин россиялык спортчу биринчи оор салмакта күч сынашып, Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жана Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) чемпиондугун жеңип алган.

2018-жылы Мурат Гассиев украиналык Александр Усикке утулуп, эки наамдан тең кол жууган.

Беттештен кийин россиялык мушкер оор салмактын чемпиондук курун жеңүү башкы максаты экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0