"Дандолк" Европа лигасында бир да жолу эреже бузбай ойногон команда болду

© REUTERS / DYLAN MARTINEZИрландиянын "Дандолк" футбол клубу матч учурунда
Ирландиянын Дандолк футбол клубу матч учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашып өтүүгө мүмкүн эмес, бирок кайталоого боло турган бул жетишкендик аталган мелдештин тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ирландиянын "Дандолк" футбол клубу УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги беттеште бир да жолу эреже бузбай ойноду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Ашып өтүү мүмкүн эмес, бирок кайталоого боло турган бул жетишкендик Европа лигасы мелдеши уюшулгандан (2009/10-жылдар) бери биринчи жолу болуп жатат.

54 жаштагы япон футболчусу жаштар менен жарыша ойноп, рекорд койду. Сүрөт

"Дандолк" бейшемби күнү аталган мелдештин тайпалык этабынын экинчи турунда лондондук “Арсенал” клубуна конокко барып, 0:3 эсебинде утулган. УЕФАнын маалыматына ылайык, ирландиялык команда 90 мүнөттүк беттеште бир да жолу оюн эрежесин бузган эмес. Ал арада талаа ээлери 20 ирет айыпка жыгылган.

Европа лигасынын “B” тайпасында ойноп жаткан "Дандолк" азырынча эки оюндан упай ала элек. "Арсенал" алты упай менен бул квартетте көч башында келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0