08:30 05 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.1253
  • RUB1.1420
Спорт

Көчөдө тамашалашкан Мухаммед Али менен Орзубек Назаров. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)
263 0 0
Солдон оңду карай турган бокс боюнча дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону Юрий Арбачаков, ортодо дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Мухаммед Али жана дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров
© Фото / из личного архива Орзубека Назарова

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Солдон оңду карай турган бокс боюнча дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону, россиялык мушкер Юрий Арбачаков, ортодо дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүсү Мухаммед Али жана дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, кыргызстандык спортчу Орзубек Назаровдун сүрөтү 1996-жылы Токио шаарында тартылган.

Ошол учурду Японияда өзүнүн спорттук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Орзубек Назаров мындайча эскерет:

"Бул сүрөт көчөдө тартылган, анда мушташып жаткандай ирмем калтырууну Мухаммед Али өзү демилгелеген. Ал жылдары россиялык кесиптешим Юрий экөөбүз дүйнө чемпиону болуп таанылып калганбыз. Японияда өз карьерабызды ийгиликтүү жүргүзүп, мурдагы советтик республикалардан экөөбүз эле болчубуз. Биз машыккан спорттук уюм бүткүл дүйнөгө белгилүү, легендарлуу Мухаммед Алини чакырган экен. Ал биз менен жолугуп баарлашып, дүйнөнү дүңгүрөткөн инсандын кеп-кеңешин алганбыз. Ошондо мен бир нерсеге өтө таң калдым, жолугушууда америкалык спортчу биздин ар бир беттеш, жетишкендиктерибизге көз салып жүргөндөй мамиле кылган. Мухаммед Али өтө жөнөкөй, тамашалап сүйлөгөн адам болчу. Мушкер менен жай баракат сүйлөшүп отуруу мүмкүнчүлүгү бардыгына эле буюрбаса керек. Ошондуктан өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм", — деди Назаров.

Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты

Учурда Орзубек Назаров жеке ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берсе, россиялык мушкер Юрий Арбачаков Санкт-Петербург шаарында машыктыруучу болуп иштеп келет. Ал эми Мухаммед Али Паркинсон оорусу менен жабыркап жүрүп 2016-жылы 74 жашында каза болгон.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)

Тема боюнча

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү
Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, Орзубек Назаров, мушкер, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ