Чолпон-Атадагы көк бөрү оюнун блогерлер дагы чагылдырат. Шарт-талабы

Жазылуу
Аккредитациядан өтүү үчүн билдирмелер 2-ноябрь кечки саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Спорт агенттиги блогерлерге бир катар эрежелерди эскертти.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы президенттин кубогу үчүн өтчү көк бөрү мелдешин жана ат оюндарын блогерлер дагы чагылдыра алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 3-8-ноябрь күндөрү өтөт. Аны журналисттерден тышкары спортту сүйгөн блогерлер дагы чагылдыра алат.

"Блогерлер кесиптик ишин жүзөгө ашырууда иш-чаранын уюштуруучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоого, ошондой эле жалпы таанылган этика нормаларын сактоого милдеттүү. Мындан тышкары, блогерлердин сайттарында же алардын интернеттеги баракчаларында жайгаштырылган маалыматта сөгүнгөн сөздөр, зомбулукка чакыруу, баңгиликке үгүттөө, экстремисттик, диний же саясий идеялар болбошу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ноябрда Чолпон-Атада президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюну өтөт. Программасы

Аккредитациядан өтүү үчүн паспорттун көчүрмөсүн, басылманын аталышын (социалдык баракчаларга шилтемелер), кызмат ордун жана байланыш телефонун sport.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. Билдирмелерди кабыл алуу 2-ноябрда кечки саат 17:00дө аяктайт. Каттоодон өттү деген төш белги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө 0312 325380 номери аркылуу кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0