Көк бөрү: Манас Ниязов “Достуктан” кетип, башка командага кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов. Архив
Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көкбөрүчү өзү бул маалыматты тастыктай элек, бирок буга чейин башка командага өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Sputnik агенттигине билдирген болчу.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы “Ала-Тоо” командасына өттү. Бул маалыматты өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Спортчу 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020” мелдешине “Ала-Тоо” командасынын курамындагы оюнчу катары кирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@niyazov_manas)

Федерациянын башкы катчысы “Достуктун” капитаны Таши Майлибашев да “Ала-Тоо” командасына өткөнүн кошумчалады.

Ноябрда Чолпон-Атада президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюну өтөт. Программасы

Команда менен Манас Ниязовдун ортосундагы келишимдин мөөнөтү, төлөнүүчү каражат тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@manas.niyazov.fan.club)

Көкбөрүчү өзү бул маалыматты тастыктай элек, бирок буга чейин башка командага өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Манас Ниязов көп жыл бою Оштун “Достук” командасында ойноп, бир нече жолу Президенттин кубогу мелдешин уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0