03:34 27 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
1660 0 0

Россиялык мушкер 28 беттеш өткөрүп, баарын жеңген. Ал эми анын атаандашы 22 таймашта утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Ушу тапта дүйнө Абу-Даби шаарында өтүп жаткан тарыхый UFC 254 мелдешине күбө болууда. Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжи октагондо кезигери күтүлүп жатат.

Марада Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Ушул тапта эмне болуп жатканы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзмөкчү.

Жаңы билдирүү
  • 03:02
  • 02:57

    Хабиб бул беттеш карьерасындагы акыркы кармаш болгонун жар салды.

  • 02:55

    Беттеш аяктаган соң Хабиб көпкө чейин көз жашын тыя алган жок. Эскерте кетсек, Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавирус оорусунан улам жайында каза болгон.

  • 02:55

    Хабиб жеңүүчү болду!

  • 02:51

    Экинчи раундда уч бурчтук ыкма менен муунтуп утуп алды. Гэтжинин эси ооп калганын көрүүгө болот.

  • 02:49

    Экинчи раунд башталды.

  • 02:47

    Хабиб тэйкдаунга алды.

  • 02:43

    Башталды!

  • 02:41

    Хабиб ММА беттешинде 28 жолу чыгып, уткан болсо анын 12син UFC мелдешинде жеңген.

  • 02:40

    Эки спортчу октагон ичинде

  • 02:37

    Чемпион Хабиб Нурмагомедов командалаштарынын коштоосунда чыгып келе жатат.

  • 02:35

    Жастин Гэтжи октагонго чыкты.

  • 02:29

    UFC мелдешинин алып баруучулары Гэтжи Хабиб үчүн эң ыңгайсыз атаандаш экенин, бул россиялык мушкер үчүн зор сыноо болорун айтып жатышат.

  • 02:28

    Ал арада көшөгө артында Хабиб менен Гэтжи беттешке өз алдынча даярданып жаткандарын көрсөттүүдө.

  • 02:27

    Ал эми Жастин Гэтжи 31 жашта. Бою 180,34 см. Салмагы 70,31 килограмм.

    ММА спортунда 24 беттеш өткөрүп анын 22синде жеңүүчү болуп чыккан. Анын 19ун нокаут менен уткан. Бул 90 пайыз мөөнөтүнөн мурда утканын билдирет. Эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

    Акыркы жолу 2020-жылдын май аында мекендеши Тони Фергюсонду техникалык нокаут менен утуп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго башкы атаандан болгон.

    Анын мушташуу стили күрөш жана бокс. Беттештеринин 90 пайызын тик туруп таймашат.

  • 02:26

    Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 32 жашта. Бою 177,8 см. Салмагы 70,4 килограмм.

    ММА спортунда 28 беттеш өткөрүп баарын жеңген.

    Акыркы жолу 2019-жылы сентябрда америкалык Дастин Порье менен чыгып, аны үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук курун экинчи ирет ийгиликтүү коргогон.

    Хабибдин мушташ стили — самбо, дзюдо, грэпплинг.

  • 02:24

    Саналуу мүнөттөрдөн кийин октагонго Хабиб Нумагомедов менен Жастин Гэтжи чыгат.

  • 02:22

    Калыстар бир раунуду Каненьеге, калган бардык раундду Уиттакерге беришти.

  • 02:21

    Роберт Уиттакердин акыркы раунддагы сол колдоп урган соккусу, аны коштоп бут менен атаандашынын бет тушуна таамай тепкен соккулары беттештин тагдырын чечти окшойт.

  • 02:18

    Уиттакер атаандашын тэйкдаунга алды. Канноньенин көзүнөн кан агып жатат. 

  • 02:14

    Канноньенин оң көзү шишип кеткенин көрүүгө болот.

  • 02:13

    Уиттакер алдыңкы бутуна атаандашынын лоу-кик соккуларын өткөрүп алганы менен чагылгандай контр чабуул жасап жооп кайтарып жатат. Уиттакер октагондо атаандашына карата ийкемдүү, ыкчам кыймылдоодо.

  • 02:11

    Ушул беттештен кийин Хабиб менен Гэтжинин кармашы башталат.

  • 02:08

    Роберт Уиттакер менен Каннонье беттешинин экинчи раунду башталды. Роберт узатылган соккулардын эсеби боюнча алдыда. Биринчи раундда 25 удар Уиттакер жиберсе, Каннонье 16 сокку ура алган.

  • 02:02

    Каннонье менен Утиттакердин беттеши башталды.

  • 01:54

    Азыр октагонго Жаред Каннонье менен Роберт Уиттакер чыгууга даярданып жатышат.

  • 01:45

    Волков жеңди.

  • 01:43

    Хабиб да октагонго чыгууга даярданып жатат.

  • 01:42

    Волков — Харрис беттешинин экинчи раунду башталды.

  • 01:40

    Эскерте кетсек, беттеш ар бирине беш мүнөт берилген үч раунддан турат.

  • 01:38

    Ал арада Гэтжинин беттешке даярданып жаткан сүрөтү чыкты

  • 01:35

    Мушкерлер октагонго чыгышты.

  • 01:33

    Экөөнүн таразага түшүүсү

  • 01:27

    Кийинки болуп октагонго оор салмактагылар чыкмакчы. Россиялык мушкер Александр Волков менен америкалык Уолт Харристи күтүп жатабыз.

    Коментатор бүгүн Волковдун туулган күнү экенин айтып жатат.

  • 01:23

    Австралиялык Жейкоб Малкун менен америкалык Фил Хоустун беттеши жана Хоустун 18-секунддагы шумдуктуудай нокауту

  • 01:14

    Хабибдин кортежин турнир өтүп жаткан жерге чейин коштоп келишкени айтылууда.

  • 01:13

    Ушу тапта октагонго мушкерлер чыгып, күчүн сынап жатат. Бир аздан кийин көптөн күткөн беттеш башталмакчы.

  • 01:10

    Арыбаңыздар, урматтуу окурмандар. Биз Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжи кезиге турган турнирден тексттик трансляцияны баштайбыз.

live
Хабиб Нурмагомедов — Жастин Гэтжи кармашы. Тарыхый беттештен онлайн-репортаж
+

    Тема боюнча

    Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот
    UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик
    Салмагы ашып кеткен Хабиб таразага чечинип түштү. Видео
    Белгилер:
    Абу-Даби, мушташ, беттешүү, октагон, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов

    ЭҢ МААНИЛҮҮ