Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул ишемби күнү, 24-октябрда, аралаш мушташ дүйнөсүндө көптөн бери күттүргөн кармаш болмокчу. Анда UFC уюмунда жеңилбес аткан конгон Хабиб Нурмагомедов наамын коргоп калганга далалат кылат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи Абу-Дабиде өтө турчу UFC 254 турниринин алкагында кыл чайнашканы турат. Кармашта мушкерлер кимиси чемпиондук курга татыктуу экендигин тастыкташы керек.

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт бул беттеш промоушендин тарыхында эң ири кармаш болорун белгилеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Ал арада букмекерлер турнирде Нурмагомедовду фаворит көрүшүп, Гэтжинин жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү аз дешүүдө.

Нурмагомедов — Гэтжи көз караштар дуэлинде Макгрегор "пайда болду"

Спортчулар катыша турчу турнирге таанымал атлеттерден Александр Волков менен Уолт Харрис, Роберт Уиттакер менен Жаред Каннонье, Синтия Калвилло менен Лорен Мерфи, Ион Куцелаба менен Магомед Анкалаев күч сынашмакчы.

UFC 254 турнири качан башталат

Жеке кармашуулардын кечеси UFC уюму пандемия убагында Абу-Дабиде салган Яс аралындагы комплексте уюштурулат. Бишкек убактысы боюнча турнир 19:00дө башталат. Саат 21:00дө болжолдуу карддын беттештери, ал эми түндө негизги кармаштар старт алмакчы. Ал эми Нурмагомедов менен Гэтжи октагондо Бишкек убактысы боюнча 01:00дө же 02:00дө башталат.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Кармашты кайсы жактардан көрүүгө болот

Турнирдин бардык беттештерин түз эфирден UFC уюмунун Fight Pass расмий тиркемесинен көрүүгө болот. Ошондой эле Wink менен More.tv видеосервистеринен жана UFC ТВ телеканалынан көргөнгө мүмкүнчүлүк бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Кармашты акысыз түрдө РЕН ТВ телеканалы түз эфирден бермекчи. Ошондой эле Setanta сайтынан жана "Сила ТВ" телеканалынан акча төлөбөй көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0