Голун өзгөчө майрамдаган ирандык оюнчу 6 айга футболдон четтетилди. Видео

Жазылуу
Оюнчу атаандаштын дарбазасына гол киргизип, бул ийгилигин ал сөөмөйү менен эки көзүн эки жакка ичкерте чоюп майрамдаган.

Ирандын "Персеполис" футболдук клубунун чабуулчусу Иса Алекасир беттеште киргизген голун адаттан тыш майрамдаганы үчүн алты айга футболдон четтетилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Окуя Азия футбол конфедерациясынын (AFC) Чемпиондор лигасы мелдешинин жарым финалында Өзбекстандын "Пахтакор" командасы менен беттеште болгон. Ал биринчи бөлүктө атаандаштын дарбазасына гол киргизип, бул ийгилигин ал сөөмөйү менен эки көзүн эки жакка ичкерте чоюп майрамдаган.

Англиянын футболчулары мейманканага кыз чакыра коюп, командадан куулду

AFC уюмунун тартип комитетинин мүчөлөрү футболчунун бул аракетинде расалык кемсинтүү бар деп сыпаттап, аны жарым жылга футболдон четтеткен. Футболчуга ошондой эле 10 миң доллар акчалай айып салынган.

Оюнда "Персеполис" клубу пенальтилер сериясынан уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0