UFC: Рафаэль Физиев кезектеги беттеши тууралуу үн катты

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер 28-ноябрда Лас-Вегаста өтүүчү UFC Fight Night 184 мелдешинде бразилиялык спортчу менен кармашат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мушкер, кыргызстандык Рафаэль Физиев кезектеги атаандашы бразилиялык Ренато Мойкано менен болуучу беттеши тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Физиев бул жаңы чакырык жана кезектеги сыноо экенин белгилеген.

"Жаңы чакырык! Жаңы сыноо! Ошол эле, бир гана максат! Баары Жараткандан жана бардык мактоолор ага болсун! Мен бул беттеште жеңишке жетүү үчүн бар күчүмдү жумшайм", — деген билдирүү калтырган.

Маалыматка ылайык, мушкерлер 28-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүүчү UFC Fight Night 184 мелдешинде кездешет. Жеңил салмактагы бул беттеш спорттук иш-чаранын негизги кардына киргизилиши мүмкүн экени айтылган.

UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат

Рафаэль Физиев жакында Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн UFC Fight Island 2 мелдешинде британиялык Марк Диакезини жеңип алган. Бул "кеченин беттеши" деп таанылып, Физиев 50 миң доллар кошумча сый акы алган.

Анын атаандашы Ренато Мойкано буга чейин мелдешке жарым жеңил салмакта чыккан. Рафаэль Физиев менен беттеш бразилиялык мушкер үчүн жеңил салмактагы экинчи кармашы болот. Буга чейин ал Дамир Хадзовичти мөөнөтүнөн мурда утуп алганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0