ФИФА "Олимпия" клубунун президентин өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти

© AFP / MICHAEL BUHOLZERФИФА логотиби. Архив
ФИФА логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марко Тровато 2018-2019-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парагвайдын "Олимпия" клубунун президенти Марко Тровато өмүрүнүн аягына чейин футболдон жана футболдук ишмердүүлүк жүргүзүүдөн четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында айтылат.

Мындай чечимди ФИФАнын тартип комитети 24-сентябрда чыгарган. Маалыматка ылайык, Тровато 2018-2019-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялап, жең ичинен сүйлөшкөн деп айыпталууда.

Мындан сырткары, ал иликтөө убагында комитет менен кызматташуудан да баш тарткан.

Кыргызстандык 4 оюнчу футболдон өмүр бою четтетилди. Себеби

Троватого өмүр бою футболдон четтетилген жазадан сырткары 100 миң швейцар франкы (107 миң доллар) өлчөмүндө айып салынган.

Асунсьондук "Олимпия" Парагвайда эң абройлуу клуб деп саналат. Команда 44 ирет өлкө чемпионатын уткан, үч ирет Либертадорес кубогун жеңип алган. Акыркы төрт чемпиондук титулду "Олимпиа" Марко Тровато жетекчилик кылган тушта, дал ошол 2018-2019-жылдары алып, жазгы жана күзгү чемпионаттарды удаасы менен уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0