Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорец греко-римского стиля Атабек Азисбеков
Борец греко-римского стиля Атабек Азисбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токиодо жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылы 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Быйыл өтө турган спорттук майрам пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик спортчулардын Олимпиада оюндарына даярдыгы боюнча маектерди жарыялап турмакчы.

Учурда Кыргызстанда беш лицензия бар. Анын бирин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбаны Атабек Азисбеков алган. Спорттук карьерасында алгачкы ирет чоң мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алган Атабек Азисбековду кепке тарттык.

— Атабек, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алып, алгачкы ирет спорттук чоң мелдешке катышканы турасыз. Кандай сезимдер болду?

— Олимпиадалык спорттун кайсы гана түрү болбосун, профессионалдык деңгээлде машыккан спортчунун эң башкы максаты ошол абройлуу мелдештин алтын байгесин утуу болот. Ошондуктан өткөн жылы жолдомо алганда аябай кубангам. Кубаныч менен кошо чоң жоопкерчилик алдым. Мага төрт жылда бир болуучу спорттук эң ири мелдеште Кыргызстанды таанытуу вазыйпасы жүктөлдү. Бул зор жоопкерчиликти буюрса актайм деген ниет менен машыгууну улантып келе жатам.

Каныбек Осмоналиев Токиого барчу Тыныбекова жана Азисбеков менен жолукту. Сүрөттөр

— Олимпиадага даярдык кандай башталды?

— Мен күрөшкө 8-классымдан катышып, килемди аттагандан тарта эле Олимпиадага даярдык башталган (күлүп). Жогоруда айткандай, бул ар бир спортчунун изги тилеги. Даярдык жүрүп жатат. Бир канча окуу-машыгуу сборлорун өткөрдүк. Негизги даярдык азыркы тапта болууда. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуудан өтүп келдик. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев, Улук Карачолоков жана жеке машыктыруучум Уран Калиловдун жетекчилиги менен машыгып жатабыз. Зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Моралдык, психологиялык жана материалдык жактан колдоо жакшы.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Azisbekov Atabek (@azisbekov.a)

— Ысык-Көл жөнүндө сөз болуп калды... Олимпиаданын эки жолку чемпиону, россиялык балбан Роман Власов Ысык-Көлдүн шарты, климаты машыгууга ыңгайлуу экенин белгилеп, чоң спортко жол ачууга ушул жердеги машыгуулар пайдалуу болгонун айткан жери бар. Аймак эмнеси менен мыкты?

— Ысык-Көл спортчулар эле эмес, ден соолугун калыбына келтирүүнү каалагандардын баары үчүн ыңгайлуу. Бул жакка КМШдан спортчулар келип, машыгууларды өткөрүшөт. Аба таза, табияты кооз, климаттык шарты жакшы. Мен көп жерлерде машыгуу сборлорунда болдум, Ысык-Көлдөй жер жок. Машыгууда чарчайсың, бирок кыска убакытта эле организм, ден соолуктун калыбына келиши үчүн бул жердеги аба, климаттык шарт абдан ыңгайлуу.

— Грек-рим күрөшүнүн федерациясы Россиянын мыкты базаларында окуу-машыгууларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени пайдалуу болуп жатабы?

— Россия күрөштөн эң алдыңкы держава болуп саналат. Ошондуктан алардын машыгуу базалары эң мыкты. Шарттары өтө жакшы. Алар ошон үчүн башка өлкөлөргө көп барышпайт, башкаларды да чакырбай эле өзүлөрү машыгууларын өткөрүшөт. Ошондуктан Кыргызстандын федерация жетекчилиги ушундай мүмкүнчүлүк түзгөнү балбандар үчүн өтө пайдалуу болду. Алардын мыкты спортчулары менен тажрыйба алмашуу да өсүүгө өбөлгө эмеспи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАтабек Азисбеков: олимпиадалык спорттун кайсы гана түрү болбосун, профессионалдык деңгээлде машыккан спортчунун эң башкы максаты ошол абройлуу мелдештин алтын байгесин утуу болот.
Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт - Sputnik Кыргызстан
Атабек Азисбеков: олимпиадалык спорттун кайсы гана түрү болбосун, профессионалдык деңгээлде машыккан спортчунун эң башкы максаты ошол абройлуу мелдештин алтын байгесин утуу болот.

— Коронавирус пандемиясынан улам командалык машыгуулар токтоп калбадыбы. Форманы жоготкон жоксузбу?

— Илдет бүтүндөй дүйнөгө таасирин тийгизди. Форманы калыбында кармоо үчүн башкы жана жеке машыктыруучум менен онлайн байланышта болуп, ар кандай ыкма менен жекече машыгып жаттым. Толук табыма келбесем да формамды жоготпогонго аракет кылдым. Азыр командалык машыгуулар жанданып, 70-80 пайыз калыбыма келип калдым.

Токиодо Олимпиада 2021-жылы коронавируска карабай өтө турганы айтылды

— Ооруган жоксузбу?

— Жеңил формасы менен оорудум. Бат эле сакайып кеттим, буюрса, баары жакшы.

— Карантин убагында эмне менен алек болдуңуз?

— Таласка ата-энемдин жанына келип, бир жарым ай тоонун түбүндө, таза абада машыгып жаттым. Кадимки тиричилик жумуштарын жасап деле керектүү дене мүчөлөрдү машыктырса болот. Маселен, жер айдап, чөп чаап дегендей....

— Өткөн жылы дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн беттеште Өзбекстандын балбаны Рустам Ассакаловго упай айырмасында жеңилип калган элеңиз. Жеңишке жетүү үчүн сизге эмне жетишкен жок деп ойлойсуз, кандайдыр бир тактиканы же ыкманы ишке ашыра албай калдыңызбы?

— Олимпиадалык салмактар өзгөргөндөн кийин мен былтыр эле 82 килограммдан 87 килограмм салмакка өткөм. Бул мен үчүн жаңылык болгонуна карабай күрөшүп, Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жетиштим.

Ал эми коло байге үчүн беттеште Ассакаловго жеңилгениме бир нече себеп болгон. Биринчиден, бул салмак мен үчүн жаңы эле, 87 килограммга жетпесем да килемге чыккам. Ошондуктан масса, кара күч бир аз жетиштүү болбой калган. Анын үстүнө мен кечирээк аракет кылып, жетиштүү упай топтогонго убакыт аз болуп калды.

Кулжа менен топ ойногон олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаев. Видео

— Ал да Олимпиадага барат, кайра беттешип калышыңыз мүмкүн да?..

— Олимпиадага барганда, буюрса, башкача күрөш болот. Мен учурда жетиштүү салмак, күч-кубат, тажрыйба топтодум. Учурда аны менен кармашууга толук даярмын деп айта алам. Эми жеңилип калсам, өзүмдү кечирбейм, Кыргызстандын эли да кечирбейт деп ойлойм. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Azisbekov Atabek (@azisbekov.a)

— Бул салмакта Олимпиада чемпиону россиялык Давид Чакветадзе, дүйнө чемпиону украиналык Жан Беленюк сыяктуу балбандар бар. Булардын күрөш стилине карата да даярданасыңбы?

— Албетте, ар бир атаандаштын стилин өздөштүрүш керек, чараларды көрүү зарыл. Бул боюнча машыгуулар жүрүп жатат. Менин да аларга белгисиз болгон мыкты ыкмаларым бар. Аларды мындан дагы өнүктүрөбүз.

Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем

— Маселен, Чакветадзенин бою кыска... Астынан чабуул жасап, белге кирип кетиши мүмкүн, кыска бойлуу балбан менен кармашкан ыңгайсыздык жаратпайбы?

— Мен бир канча жылдан бери алар менен чогуу окуу-машыгуу сборлоруна катышып, бул балбандар менен кармашып жүрөм. Күрөшүү ыкмасын өздөштүрдүм деп айтсам болот. Машыгууда текшерүүчү кармашта (контрольная схватка) аларды утуп койгон учурларым болгон. Ошондуктан алар менен күрөшүү мен үчүн көп деле коркунуч жаратпайт.

— Негизи кандай балбандар менен күрөшүү ыңгайсыз сиз үчүн?

— Ар кандай ыкмада күрөшкөн балбандар болот. Өзү да ыкма жасабай, колдоруңду тушап, сени да ыкма жасатпай турган спортчулар мен үчүн ыңгайсыз атаандаш деп ойлойм. Мисалы, Түштүк Кореянын Ким Хён Ву аттуу Олимпиаданын алтын байгесин уткан балбаны бар. Ошол мен үчүн аябай ыңгайсыз атаандаш болгон.

Бирок "ыңгайсыз балбан" деген түшүнүк болбошу керек деп ойлойм. Кармашкан атаандаштын баарын ыңгайын таап утканга даяр болуу зарыл. Буюрса, ошол деңгээлдеги даярдык менен Олимпиада килемине чыгам деген зор үмүт менен машыгып жатам.

— Сиз жеке өзүңүз Токио Олимпиадасында бул салмакта кимди фаворит деп эсептейсиз?

— Олимпиадага жолдомо алып, катышкан балбандардын баары фаворит. Себеби бул мелдешке даярдык өзгөчө. Дүйнө, Азия чемпионаттары жыл сайын болот. Ал эми Олимпиада, Азия оюндары төрт жылда бир жолу өткөндүктөн ар бир балбан эң жогорку даярдыкта келет. Ошондуктан бул же тигил балбанды бөлүп, фаворит деп айтуу кыйын. Дал ошол күнү кимдин даярдыгы мыкты, кимге оомат берилген болсо ошол утат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Azisbekov Atabek (@azisbekov.a)

— Ар бир спортчунун мыкты өздөштүргөн ыкмасы болот, балбандардын тилинде "коронка" деп коёт эмеспи. Маселен, Канатбек Бегалиев кыргыз күрөштүн "жамбашка алуу" ыкмасы менен дүйнөнүн мен-мен деген далай балбанды чапкам деп маек берди эле. Атабектин "коронкасы" барбы?

— Партерден (килемде жатып күрөшүү) артка ашыра чапкан ыкма бар. Мен ошону мыкты өздөштүргөм. Канча ирет мелдешке катышып, кайсы балбан менен кармашсам да ошол ыкманы жасап келем.

Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

— Россиялык Олимпиада чемпиону Ислам-Бек Албиевдин артка алып ыргыткан (обратный прием) ыкманы жасай албайм, эмнегедир мен үчүн ошол кыйын, анын үстүнөн иштешим керек деп айткан жери бар. Сиз үчүн да кыйын болгон ыкма барбы?

— Туура белгилеп кеттиңиз. Бардык эле балбандын сезип-туюусу окшош болбойт. Ошондуктан айрым ыкмаларды жасабаган же жасоо ыңгайсыз болгон учурлар бар. Орусча аталышы "кочерга" деген ыкма бар, мен үчүн ошол кыйын. Аны тик туруп кармашып жатканда атаандаштын колунан алып өзүңө тартып, ошол эле учурда 180 градус артка кайрылып, отура калып жасоо керек. Боюм, буту-колум узун болгондуктан ыңгайсыз болобу, айтор, жасай албайм. Бирок кайталап жасап, аракеттенип келем.

— Бир күндүк режимиңиз кандай? Маселен эртең менен уйкудан турасыз, анан?

— 6:30да турам. Жарым саат денени жибитип көнүгүүлөрдү жасайбыз. Сегизге чейин эртең мененки тамакты жеп, кайра уктоо. 10:00дө эртең мененки машыгуу башталат. 13:00дө машыгуу бүтүп, түшкү тамактануу. Анын 17:00гө чейин эс алуу, уктоо. 17:00дө туруп, даярданып, кечки 18:00дөгү машыгууга барам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Azisbekov Atabek (@azisbekov.a)

— Ашыкча салмак боюнча көйгөй жокпу, таза салмак канча?

— Жогоруда айтып кеткендей, 87 килограмм салмак категориясына былтыр эле өттүм. Буга чейин, тескерисинче, салмагым жетпей келген. Учурда 90 килограммын.

— Эми акыркы суроо болсун, Атабек, сиз үчүн эң башкы мотивация эмне?

— Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Олимпиаданын алтын медалын уткан спортчу боло элек. Ошол спорттук бийик аренада Кыргызстандын желегин желбиретем деген чоң максат койгом. Бул үчүн мени ар тараптан жакындарым, машыктыруучуларым, Кыргызстандын эли колдоп, ишенип жатат. Ушул мага башкы мотивация болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0