Гэтжи: Нурмагомедовдун бети-башын канга боёйм

© AP Photo / Gregory PayanАмерикалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив
Америкалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Жастин Гэтжи UFC чемпиондугу үчүн россиялык Хабиб Нурмагомедов менен боло турган беттешин кандай пландап жатканын айтты. Бул тууралуу BJ Penn маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу. Гэтжи учурда Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын жеңил салмактагы чемпиондук курунун утурумдук ээси болуп саналат.

"Мен Хабибдин оозун канжалатарымды билем. Мен анын өзүнүн токмоктолгонун көрсүн дейм. Анын буга жасаган реакциясын көргүм келет. Ал мендей келесоо эмес. Анын мушташуу ыкмасы канжалата сабаган көрүнүштөрдү камтыбайт. Өзүнүн канга боёлгон абалын көрүп калышы мүмкүн экени Нурмагомедовдун оюна да келбесе керек. Бул ал үчүн эч качан чечүүчү фактор болгон эмес", — деген Гэтжи.

Жастин Гэтжи ушул жылдын 9-майында мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон. ММА спортунда Гэтжи 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

Ал эми Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Акыркы ирет россиялык мушкер 2019-жылдын 8-сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC чемпиону наамын экинчи ирет коргогон. Дагестандык спортчу учурда дүйнөдөгү эң абройлуу мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0