Баштабай жатып... UFC мушкери 17 секунданын ичинде эле оңбой калган видео

© AFP / Jeff Bottari / Zuffa LLCБоец UFC Хамзат Чимаев
Боец UFC Хамзат Чимаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чеченстандык мушкер дүйнөлүк уюмдагы орточо салмактагы мушкерлер арасында беттешти ыкчам бүтүргөндөрдүн бири болуп калды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) мушкери Хамзат Чимаев Лас-Вегастагы турнирде атаандашын 17 секунддун ичинде эле сокку уруп жеңип алды.

​Бүгүн түндө Лас-Вегаста аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 178 турнири өттү. Чимаев жана анын каршылашы Жеральд Миршерттин кармашы спорттук кечедеги маанилүү беттештердин бири болгон.

Чимаев атаандашын октагондун торуна жакындатып туруп, биринчи узаткан соккусу менен эле эсин оодарган. Кармашуу болгону 17 секундага созулган.

Тайлык мушкер атаандашын бир сокку менен бүк түшүрдү. Видео

Промоутерлик компаниянын Twitter-аккаунтунда жазылгандай, бул уюмдагы орточо салмактагы мушкерлер арасында беттешти ыкчам бүтүргөн үчүнчү кармаш болуп калды.

​Чимаев — ММА спортунда утулуп көрбөгөн мушкерлердин бири. Ал карьерасында тогуз беттештин жеңүүчүсү болгон. Чеченстанда төрөлгөн мушкер 16 жашында Швецияга көчүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0